Дененин ар кайсы жерлеринде пайда болгон май кабаттары эмнеден кабар берет

Белгилүү болгондой, ар кимдин фигурсасы ар кандай. Кимдир бирөө алыстан жакшы көрүнүп турса, дагы бири шамаалга учуп кетчүдөй болуп, денесинен грамм дагы май таппайсың.

Май кабаттарын карасак, ар кимдин денесинин ар кайсы зоналарында жайгашкан.

Кайсы бир зонада жайгашкан майлар, организмде кандайдыр бир бузулуулар бар экенинен кабар берет.

 

Капталдардагы май кабаттары

Эгер, капталдарыңызда май кабаттары пайда боло баштагынан байкасаңыз, бул калкан безде (щитовидная железа) бузулуу бар экенинен кабар берет. Ал эми майды капталга чогулганды тиреоид гормондору кыстап жатат. Бул зонада майдын чогулушун токтотуу үчүн бир гана диета жардам бербейт, ошондой эле оор металл бар азык-заттардан дагы баш тартыш керек. Оор металлдар крандан аккан сууда жана тиш жууган пастанын курамында көп болот. Эгер алар организмде бар болсо, колдон келишинче эртерээк чыгаруу керек.

Курсактагы май кабаттары

Курсакка май арык кишилерде дагы чогулаарын байкасаңыз керек. Бул деген, ал адам катуу стресске кабылып жаткандык. Стресс менен депрессияга кабылган адамдарда, биринчи кезекте курсагына май байлаары окумуштууларга илгертен бери эле белгилүү. Биринчи кезекте, нерв системаны оңдош керек, тынчытуучу чөптөрдөн бир курс ичүү сунушталат. Ошондон кийин гана курсакка чогулган майдан арылууга аракет кыла башташ керек.

Бел менен сандагы май кабаттары

Эгер сандардагы майлар адаттагыдай көрүнсө, белде бөлүнүп чыгып турган майлар жаман эле көрүнөт. Өзгөчө аялдарга, мындай бел менен кийим тандоо кыйынчылык туудурат. Мисалы денеге жабышкан көйнөк жана токулган ич кийим кие алышпайт.

Сан менен белдеги майлардын ээси, курамында углевод көп болгон, ундан жасалган азык менен таттунун сүйүүчүсү экени көрүнүп турат. Жыйынтыгында, канда инсулин көп бөлүнүп чыга баштайт. Бул жердеги майлардан арылуу үчүн, биринчи кезекте углевод камтыган азыктардан баш тартуу керек, мисалы ак нан, жана анын ордун кара нан менен, ал эми таттунун ордун – бал жана жемиштер менен толукташ керек.

Майлуу балтыр менен семиз тизелер

Бул май кабаттарга көп адам көңүл бурбайт. Ар кандай кийим кийгенде тоскоолдук жаратпайт, болбосо ал жерди шым менен жашырып койсо болот. Бирок мындай зонанын ээлери баары бир дискомфорт менен оордукту сезишет.

Бул жерде майлар туздуу тамак менен таттунун сүйүүчүлөрүндө чогулат. Жыйынтыгында, организмде, балтыр менен тизенин тегерегинде ашыкча суюктук чогулат. Бир гана чечим бар – туздуу менен таттунун санын минимумга түшүрүш керек. Ошондой эле жумасына жок дегенде бир жолу тузсуз күн өткөрүш керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.