Денеден жагымсыз жыт чыгарган азыктардын аты аталды

Туура тамактануунун сүйүүчүлөрү үчүн жагымсыз кабар – пайдалуу азыктар дагы денеден чыккан жагымсыз жыттын себепкери болот экен.

 

 

Чехиянын угиверситеттеринин биринин окумуштуулары, денеден жагымсыз жыттын пайда болушуна себепкер болгон азыктардын атын атап чыгышты, бул тууралуу «Актуальные новости» басылмасы жазып чыкты. Дененин жытынын жагымсыз болушуна күнөөлүү провокаторлордун негизгиси алкоголь деп аташты.

 “Ичимдик ичкен адам катуу тердейт: спирт уксус кислотасына айланат, анан денедеги тешикчелер аркылуу чыга баштайт”, - деп илимий изидөөчүлөр, ичимдиктен кийинки жагымсыз жыттын пайда болушун түшүндүрүштү.

Ошондой эле, мындай көйгөйгө кара эт жана курамында метил бирикмелери көп азыктар да алып келээрин белгилешти. Мисалы, эгер кызылча менен шпинатты тамак ашта көп колдонсо, жагымсыз жыттанып баштайсың.

Тилекке каршы, дүйнөдөгү эң пайдалуу жашылчалардын бири – капуста – дагы жагымсыз жыттын бөлүнүп чыгышына күнөөкөр.

“Брюссель, аккачан, түстүү капусталарында жана брокколиде күкүрттүн курамы – кескин жагымсыз жыттанган зат бар, тер менен аралашканда, анын жыты күчтөнөт”, - деп, чех окумуштуулары кошумчалашты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.