Ден соолукту кыйратуучу эмоция кайсы экени аталды

Бельгиянын психологдору кайсы эмоциялар адамга терс таасир тийгизээрин жана аларды эркектер менен аялдар кандай көтөрөөрүн изилдеп чыгышты. Экспериментке 200 ыктыярчы катышты.

Эксперимент учурунда алар, адамдар күндө башынан өткөргөн 20дан ашык эмоциялык абалды анализдешти.

Экспериментке катышкан 200 адамга, башынан өткөргөн эмоциялык эпизоддор менен бөлүшүүнү жана өзүнүн ошол кездеги болгон сезимдерине баа берүүнү сунушташкан.
 

Жийиркенүү менен таң калуу сезиминен кийин, адам жарым саатта эле кайра өзүнө келээри белгилүү болду. Болжол менен ошончо эле убакытта уят менен кыжырланууну унутат. Ал эми зеригүү сезими менен адам бат эле кош айтышат.

Психологдордун айтымында, коркунучтуурагы, кызгануу сезими болуп чыкты. Ал адамды 15 саатка чейин жапа чектирет. Бирок кызгануу сезими кайгыруудан алда канча артта калды. Кайгыруудан кутулуу үчүн 120 саат керек болот деген чечимге изилдөөчүлөр келишти.

Айта кетүүчү нерсе, кайгыруу сезими илим жагынан ден соолукка зыяндуулугу айтылбайт. Тескерисинче, көбүнчө убакта кайгыруу – организмге эс алуу тартуулап, калыптаныш үчүн кайра керектүү ресурстарды бөлүп чыгарат.

Бирок, кайра-кайра кайталана берүүчү кайгыруу сезими коркунучтуу симптом болушу мүмкүн. Ал гармон бөлүп чыгарууда катачылыктарды кетирип, мээнин иштөө процессине терс таасир тийгизет. Ошондой эле, бат-бат кайгырган адамда, гипертония, диабет, семирүү, жүрөк илдеттери, инсульт жана рак ооруларына чалдыгат деп, окумуштуулар бүтүм чыгарышты.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.