Ден соолугуң сууга көз каранды: Ферейдун Батмангхелидждин 3 алтын эрежеси

“Адамдын организми дайым сууга муктаж болуп турат. Организм сууну өпкө, тер, жана заара аркылуу сыртка чыгарат. Сууну суусаган сайын, чыдап жүрө бербей, ичип туруш керек. Тамактанып отурганда ичкен суу тамак сиңүү процессине терс таасир тийгизбейт. Анан дагы эртең менен турганда, ачкарын, жок дегенде эле 2 стакан суу ичиш керек, бул түндөгү, 8 саат ичинде жок болгон сууну калыбына келтирет” – дейт түбү ирандан чыккан америкалык врач Ферейдун Батмангхелидж

 

 

1. Күнүгө суу ичкиле

Тулку боюңуздун ар бир килограммына 30 грамм суу муктаж. Бул болжол менен салмагыңыздын 3 %. Мисалы салмагыңыз 70 килограмм болсо, 70 ×30=2100 грамм суу күнүнө ичишиңиз керек, башкача айтканда 2100/200=10,5 стакан. Бул күнүмдүк нормаңыз!

2. Күнүгө туз жалагыла

Туз организмде суунун кармалып калышына жардам берет. Туз ашказан бездердин секрециялык ишин жакшыртып, пепсиндер активдешип организмди жашартат.

Баардык энергетикалык процесстер сууда жүрөт. Тамак ашта деңиз тузун колдонгула (организмге керек болгон 80ге жакын минералдар бар). Бир литр сууга болжол менен 1 грамм туз колдонулат. Суу ичкенден кийин тилдин астына салып ээритиш керек.

3. Организмди дене суусуздануусуна алып келе турган суусундук, тамак ашын колдонгонду токтоткула

Булар кофе, спирт ичимдиктери, газдалган суусундук, кара чай жана шекер. Мисалы баарына эле белгилүү 100 грамм чай ичкенде кайра 130 грамм заара бөлүнүп чыгат. Жашообуз бул кургатуу процесси. Ар кандай оорулар – бул организмге суунун жетишсиздиги.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.