Дарыгер төрөтү жеңил болсун деп кош бойлуулар менен чогуу бийлеп, дүйнөгө таанылды

Төрөт маалында аялдар чыдагыс ооруга кабылышат, бирок медиктер бул процесс колдон келишинче жеңилирээк болсун деп, ар кандай ыкмаларды ойлоп таап беришет. Бразилиянын Витория шаарындагы Hospital Unimed ооруканасынын гинеколог дарыгери Фернандо Гуэдес да Кунья, пациенттерди сындай чыдагыс оорудан куткаруу ыкмасы менен дүйнөгө белгилүү болду. Ал, толгоо кези жеңилирээк өтүүсү үчүн атайын бий кыймылдарын иштеп чыккан. Анын айтымында, кой бойлуу канчалык көп кыймылдаса, төрөт ошончолук жеңил өтөт.

 

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз