Дарыгер саламат, тамеки чеккен жана COVID-19 менен ооругандын рентгенин салыштырган...

Дүйнө жүзү бир жылдан бери кооптуу вирус менен күрөшүп келет, бирок ал жөнүндө биз көп нерсе белгилүү эмес, айрыкча COVID-19дан калган кесепеттери.

Бирок коронавирус менен ооруган миңдеген бейтаптарды дарылаган Техастагы бир америкалык дарыгер кызыктуу жана таасирдүү салыштыруу менен бөлүшүүнү чечти.

 

 

"Мен мунун кимге кызык экенин билбейм, бирок ковидден кийинки өпкө мен көргөн эң жаман тамеки чеккен адамдын өпкөсүнөн да жаман көрүнөт. Уюган канга толуп, тромба басып кетет. Жана дем алуу барган сайын улам солгундап, оорлошот",

- деп жазат доктор Бриттани Бэнкхед-Кендалл.

Дени сак адамдын өпкөсүнүн рентгенографиясы. Кара зона терең дем алууга мүмкүн экенин көрсөтөт
Тамеки чеккен адамдын рентгени өтө жакшы көрүнбөйт: рентген күңүрт болуп, өпкөдөгү тактар ​​жана тырыктар байкалат
Бул болсо коронавирустан кийинки өпкөл, толугу менен ак, демек, өпкөгө катуу зыян келген

Дарыгер белгилегендей, коронавирус менен ооругандан кийин, өзүңүздү жакшы сезсеңиз дагы, дем алуунун татаалдашуу коркунучу бар.

Өпкөнүн абалын текшерип туруу кандай гана болбосун маанилүү!

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.