Дары ичпей уйкусуздуктан кантип кутулабыз?

Терең уйкуга батып, жакшы эс алууга эмне жетсин. Жакшы уйку адамга дем-күч, ден соолук берип акыл-эсти тазартат. Иммунитетти чыңдаш үчүн, ашыкбаш салмактан арылыш үчүн дагы жакшы уктап эс алуу зарыл.

Адамдын турмушу ар түркүн окуяларга, бүтпөгөн иштерге, толкундануу, кыжырдануу сыяктуу эмоцияларга жыкжыйма. Мындай учурда күндүз эс албаганың аз келгенсип түнкүсүн дагы кирпик кага албай уйкусуздук убайымын тартасың. Мындай учурда дары ичкенге ашыкпайлы.

 

 

Ыңгайлуу бөлмө

Көпчүлүк адамдар айлап-жылдап уйкусуздук азабын тартышат, бул көйгөйдү чечүү анчалык деле татаал эмес экендигин билишпейт. Болгону адам уктаганга ыңгайлуу ылайыктуу жерди тандашы керек. Уктоочу бөлмөдө компьютер, сыналгы, үналгы, телефон жана ашыкча эмеректер болбошу керек. Күн чакчайып тийип турган же өтө жарык бөлмө дагы уктоого ылайыксыз. Уктаар алдында бөлмөнүн баардык терезелерин ачып, желдетип алыңыздар. Уктоочу бөлмө ысык болбой салкын болгону жакшы. Бөлмөнүн нымдуулугун текшериңиз, өтө кургак аба адамдын көкүрөгүн какшытып жөтөлтүп, уйкуну бузат.

 

 

Ар бир үйдө геопатогендүү зона болот. Бул зонага жайгашкан адам ооруп, уктай албай кыйналып, санаага батып, онко оорууларына да чалдыгышы мүмкүн. Геопатогендүү зонаны аныктоочу прибордун жардамы менен билип, ал зонадан диванды, уктоочу керебеттерди алып салыңыз.

Бөлмө караңгы болууга тийиш

Түнкүсүн болоор болбос жарык деле уктап жаткан адамдын уйкусун ачып жиберет, анткени уйку гормонун бөлүп чыгарган мелатонинге караңгылык керек. Караңгыда гана мелотонин гормону организмден бөлүнүп чыгат. Бул гормондун организмде жетишээрлик болушу адамды энергиялуу кылып, уктап тургандан кийинки алсыздыкты пайда кылбайт. Бул гормон күчтүү иммуномодулятор жана антиоксидант. Ошондуктан уктаганда колдоно турган көздү байлагычтар, көз айнектер сатылат.

Кечки тамакты кеч ичпеңиз

Кечки тамакты эрте ичкен жакшы, себеби кечки тамакты кеч ичкенде аш кыла албай организм түйшөлө баштайт. Анткени кечкисин организм жай иштейт. организим дагы баардык жандуулар сыяктуу эле күн баткандан тартып эс алгысы келет. Тамакты сиңире албай адамдын дагы уйкусу качат. Түнкүсүн тамак ичүү мелотонин гормонунун толугу менен иштеп чыгышына тоскоол болот. Андыктан түнкүсүн тамак ичпей, саат кечки 19-20ларга чейин эле кечки тамакты жегенди адат кылыңыздар.

 

 

Бал кошулган жылуу сүт

Уктай албай чабалактай берсеңиз бал кошулган жылуу сүттү жарым стакан ичип койсоңуз болот. Анткени сүттө триптофан аминокычкылы бар. Анын жардамы менен адамдын организминде серотонин бөлүнүп чыгып, адам магдырап, уйкуга жетеленет.Элдик медицинада уйкусу качкандарга бал сунушталат. Бал адамды уктатуучу касиетке ээ. Сүт суусундук эмес, жеңил тамак катары саналат. Андыктан диета кармап же ар кандай себептер менен кечки тамак жегенге үлгүрбөй калгандар сүт ичсе курсагы тоюп, уктап кетет.

Жыпар жыт

Адамга жагымдуу жыпар жыттар дагы уктап кетүүгө чоң өбөлгө болот. Анткени жыт нерв системасына күчтүү таасир тийгизет. Эфир майы адамдын чыңдалуусун жазат, бат эле уйкусу ачылып уктай албагандар апельсин, мандарин, кедр, арча жана кипарис жыпар майларын дагы колдонушса болот. Мисалы бул май тамчыларын ваннага куюп, уктаар алдында жылуу ваннага түшсө дагы адамдын денеси жазылып терең уйкуга батат.

Адам улам ойгонуп тынчы кете берсе лаванда, ромашка жана ладан дагы жакшы жардам берет. Ваниль майы дагы адамды тынчытып, уйкуга жетелейт. Эртерээк уктагыңыз келсе роза, кедр, лаванда майларынан жаздыгыңызга бир тамчы себелеп алыңыз же кол аарчыңызга тамчылатып керебетиңиздин башына илип коюңуз. Эң башкысы баарынын чегин билиш керек. Азыр базарда түркүн чөптөрдөн жасалган уйку жаздыктары да сатыкка чыга баштады.

 
Терең дем алып, денеңизди жазыңыз

Уктаар алдыда оюңузду бир жерге жыйнап, терең дем алыңыз. Бул сиздин күндө кайталаган көнүмүш адатыңызга айланышы керек. Жайлуу жатып, булчуңдарды жазып, денеңизди бош таштаңыз. Көзүңүздү жуумп, өзүңүздү деңиз жээгинде жаткандай элестетиңиз.

Оозуңузга абаны толтуруп көкүрөк көөдөнүңүздү толтуруп дем алыңыз. Ошондой эле ыкма менен дем чыгарыңыз. Ушинтип абаны улам кенен жутуп, дем алып кайра дем чыгарып көнүгүү жасаңыз. Бул ыкма нерв системасын эс алдырат.

Эртең менен чуркоо керек

Эртең мененкисин жарым саат чуркаңыз. Бул дагы түнкүсүн жакшы укташыңызга шарт түзөт. Эртең менен биз ойгонгондо каныбыз коюлуп калат. Жүрөккө болсо коюу канды айлантуу оор. Андыктан чуркап, кыймыл аракет жасап каныбызды суюлтушубуз керек. Төшөктөн тураар замат суу ичиңиз. Суу дагы кандын коюлугун таркатат. Эртең мененки көнүгүүлөрдү калтырбай жасаңыз. Бир чыны ысык чай ичип алып чуркаганга жөнөңүз. Кечинде паркта сейилдеп, таза аба жутуп көпкө сыртта жүргөн жакшы.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.