Даанышман чоң эне турмушка чыгып аткан небересине мындай насааттарды берди!

Эгер үй бүлөлүк жашооңузда жарака пайда боло баштаса, мышыгыңыз да сизди тоготпой калса - демек, чоң апалардын насаатына көңүл бурууга убакыт келди.

 

 

Мына мындай насааттарды менин чоң энем үлпөтүм алдында мага айткан. Убакыт көрсөткөндөй, алар никедеги бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө, конфликттик кырдаалдардан чыгып кетүүгө, балдарга болгон сүйүүнү сактап калууга жана акылдуу балдарды чоңойтконго жардам берди.

 

Чоң эненин кеңештери:

1.    Балдарыңдын алдында күйөөң менен урушпа. Андай кылсаң алар сени сыйлабай жана күйөөңдү авторитет катары кабыл албай калышат. Жыйынтыгында - сыйдын жоктугу жана тил албастык.

2.    Эркектер буйрук аткарганга караганда, жардамга чын дили менен келишет. Болгону, сен каалаган нерсени күйөөң өзү каалагандай кылып жасаганга шарт түзүп кой.

 

3.    Дүйнөдөгү эң чоң баалуулук - үй бүлөдөгү тынчтык. Аны сакта, кечиримдүү бол жана элдешкенге биринчи кадамды сен ташта.

4.    Эгер маанайың жаман болуп турса, үй жыйнаба. Өзүңдү түшүнбөй турган маалда, ого бетер чачып саласың.

5.    Жаңы нерсени үйрөнгөндөн эринбе. Акылдуу жана илимдүү балдар билимдүү энеден гана чыгат. Акылдуу балдардын келечеги кең болот.

 

6.    Бүлөңдү бузуп албаш үчүн, кызганба. Эгер күйөөсү аялын сыйлап жана сүйсө, ал эч качан сол жакка баспайт. Күйөөң сени сыйлагандай жана сүйгөндөй мамиле кыл!

7.    Дайым даамдуу тамак жаса жана аны күйөөңдүн алдына кооздоп тарт. Эсиңде болсун, күйөөң боткону жей берчү мал эмес.

8.    Сый - бүлөдөгү негизги нерсе. Сый болсо, сүйүү да болот.

 

Бул жөнөкөй кеңештер сиздин бүлөнү сактоого жана ар кандай кырдаалдардан татыктуу чыгып кеткенге жардам берет.

Баарына айткандан эринбеңиз. Баарына!

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.