Даанышман атанын даанышман жоругу

Күндөрдүн биринде жаш жигит жашоого даяр экенин түшүнүп, үйлөнүүнү чечиптир.

 

 

Жума бою ары бери чуркап, үлпөткө даяргандыктан, такыр колу бошобоптур. Баарын өзү каалагандай өткөрөм деген экен, бирок, бир күнү, үлпөттүн алдында, атасына келип суранат:

“— Ата, менде бир сураныч бар. Мен бардыгын жалгыз кылып жетишпей жатам, ошондуктан,сизидин жардамга муктаждыгым келип чыкты! Бул тизмекти алыңыз. Булар менин досторум. Баарына чалып менин атыман менин үлпөтүмө чакырып коюңузчу”.

“— Макул, балам! Албетте!”, — деп атасы жооп берди

Мына ошентип ал күн да келди – үлпөт күнү, баласы атасына кыжыланып чуркап келип, жини менен айтып жатат:

“— Ата, мен сизге ишенгем да... Бардык досума чалыңыз деп айтпадым беле...”

“— Мен сен айткандай эле кылдым”, — деди атасы. “Тизмеде болгондун баарына телефон чалдым”.

“— Бирок тизмеде 50 адам бар эмес беле, ата! Мен 15ин гана көрүп атам”.

“— Балам, мен бардыгына чалдым. Тизмедеги ар бири менен сүйлөштүм. Алар менен сүйлөшүп жатканда, ар бирине, сенин суранычың менен сенин атыңан чалып атканымды, сенин көйгөйлөрүң болуп атканын жана сага досторуңдун жардамы керек экенин айттым. Мен ар бирин ушул күнү, ушул убакта, ушул жерге келүүсүн сурандым. Ошондуктан, балам, кабатыр болбо, СЕНИН БАРДЫК ДОСТОРУҢ АЗЫР УШУЛ ЖЕРДЕ!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.