COVID-19дан жабыркаган өпкө ушундай көрүнөт

Түштүк Кореянын дарыгерлери COVID-19 менен ооруган адамдын өпкөсүнүн сүрөтүн көрсөтүштү. Бул чындыгында эле коркунучтуу көрүнөт.

 

 

 

Коронавирус эпителий клеткаларында, көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунда көбөйө баштайт. Ошентип, ал өпкөнүн төмөнкү бөлүгүнө өтүп, бронхиолго таасир этет (бронхтордун түздөн-түз альвеолаларга кетүүчү бөлүгү, алар газ алмашууга жооп беришет).
Натыйжада, сезгенүү башталат, альвеола суюктукка толуп, өз ишин аткара албай калат. Компьютердик томографиялык сүрөттөрдө бул процессти "тунук эмес айнек" (“матовое стекло”) так – ак түстөгү жарым тунук жерлер деп кароого болот. Алар канчалык көп болсо, өпкө ошончолук жабыркап, адамдын өз алдынча дем алуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Дарыгерлердеги өпкөнүн жабыркашынын кийинки баскычы "брусчатка эффектиси" деп аталат. Сүрөттө сетка оюму даана көрүнүп турат.
Адатта, андан кийин "тунук эмес айнек" тактын консолидациясы жүрөт. Жарым тунуктан ак түскө айланып кетет. Бул өзү деле жаман эмес, бирок эгерде "тунук эмес айнектин" аянты өсө берсе, бул кооптонууга негиз берет.

Анын үстүнө, COVID-19 симптомсуз болсо дагы, өпкөгө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Ден-соолугуңузду тобокелге салбаңыз! Маска кийиңиз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.