Чынында эле ден соолукка коркунучтуу бардык Е-шкалардын тизмеги

Биз эмне жесек – ошобуз. Мындай тыянакка, тамак-аштын ден соолукка маанилүүлүгүн байкаган байыркы адамдар келген.

Эгер сиз эмне менен тамактанып атканыңызды көзөмөлдөсөңүз, анда тамактын курамы сиз үчүн маанилүү.

Демек, көпкө сакталчу таңгакталган азык-түлүктүн курамын карап баштадыңыз... анан, мына сага! Бул жерде химия илимдеринин кандидаты да башын чакчудай!

Колбасалар, сырлар жана ар кандай соустар синтетикалык кошулмаларга толтурулган. Ар кандай сандык толуктамалары бар чуулгандуу “Е-шкалар” азык-түлүк менен керемет жаратат: даамды күчтөнтөт, өңүн жакшыртат, ошондой эле мындай азыкты көп убакытка сактаса болот.

Бирок, мындай “ыңгайлуулуктардын” артында ден соолукка көптөгөн коркунучтар катылып жатат. Мындай кошулмалардын көбү – зыяндуу.

Биз, мындай символикадан адашпай, кантип өзүңүздү коргоону айтып беребиз.

Е-100 — Е-182

100-182 индекстүү Е-шкалар – булар тамак-аш боёгучтар. Алар өңдү жагымдуу кылганга жардам берет. Боёгучтардын арасында табигый жана синтетикалыктар кездешет.

Синтетикалык боёгучтар көптөгөн оорулардын себеби болушу мүмкүн, арасында: шишиктер, бөйрөк оорулары, тамак сиңирүү органдарынын оорулары, аллергиялык реакциялар.

Тамак-аш боёгучтарынын арасында коркунучсуздар төмөнкүлөр:

  • Е-100 — куркумин; куркуманын тамырынан алынган порошок. Бул боёгуч ден соолукка пайдалуу деп да саналат.
  • Е-101 — рибофлавин (В2 витамини).
  • Е-106 — рибофлавин-5 - натрий фосфаты.
  • Е-140 — хлорофилл.
  • Е-163 — антоцианы.

Калган башка боёгучтун баары ден соолукка зыяндуу, ошондуктан аны албаганга аракет кылыңыз.

Е-200 — Е-299

Булар консерванттар. Алар, азык көпкө сакталуусу үчүн колдонулат. Коопсуз консерванттар көп эмес:

  • Е-202 — калий сорбаты.
  • Е-260 — уксус кислотасы.
  • Е-270 — сүт кислотасы.
  • Е-290 — көмүртек диоксиди.
  • Е-297 — фумара кислотасы.

Синтетикалык консерванттар заара чыгаруу системасында таш жаралуусуна, рак, ичеги-аш казан ооруларынын пайда болушуна, нерв системасынын бузулушуна өбөлгө түзөт,

Көп жайылган консервант Е-211 боорду талкалайт жана нерв системасына доо кетирет.

Ал эми цитрус жемиштери көбүнчө дифенил (Е-230) менен тазаланат – бул уулуу зат.

Е-300 — Е-399

Булар антиоксиданттар. Азык-түлүк өндүрүшүндө эркин радикалдар менен күрөшүүдө колдонулат.

Көбүнчө антиоксиданттар, майлуу азыктарга кошулат. Ошондой эле антиоксиданттар, кычкылданып кетпеш үчүн, пиво менен виного да кошулат.

Популярдуу жана пайдалуу антиоксидант болуп аскорбин кислотасы (Е-300) жана токоферолдор (Е-306 – Е-309) саналат.

Башка антиоксиданттардын таасирлери тууралы маалымат аз. Белгилүүсү, Е-310 – Е-312 исиркек (майда кызыл точкалар) пайда кылат, ал эми Е-338 – Е-366 ашказанга жаман таасир берет.

Е-400 — Е-599

Эмульгаторлор жана стабилизаторлор. Бул азык кошундулары компоненттерди аралаштырбай же аралаштырып (мисалы суу менен майды), жана азыктын консистенциясын сактайт.

Бул топтогу зыянсыз кошулмалар болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Е-406.
  • Е-420.
  • Е-440.
  • Е-500.
  • Е-507.

Өтө кооптууларга төмөнкүлөр кирет:

  • Е-400 — Е-405.
  • Е-477.
  • Е-501, 503, 512, 513, 527.
Е-600 — Е-699

Бул индекстердин артында даам менен ароматты күчөткүчтөр турат. Дээрлик бардык даам күчөткүчтөр ден соолукка зыян.

Бул заттардын эң жайылганы натрий глутаматы (Е-621). Натрий глутаматын узак убакытка колдонуу ашказандын былжыр челин бузат жана гастрит менен ашказан жарасын пайда кылат.

Е-900 — Е-999

Бул кошулмалардын эң жайылганы – синтетикалык шекер алмаштыргыч Е-951, газдалган сууларга жана сагыздарга кошулат. Таттуу кылуучу Е-951 нерв системасын бузуп, депрессияга алып келет жана акыл эстен тайытат деп белгилешет.

Е көп азыктар:

- Таттуулар, газировкалар, сагыздар;
- Колбасалар, сосискалар;
- Ышталган азыктар;
- Йогурттар;
- Чипстер;
- Балмуздак;
- Соустар.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.