Чыныгы керемет: дарыгерлер жүрөгү сыртында төрөлгөн ымыркайды сактап калышты (фото+видео)

Улуу Британияда медицинада сейрек кездешүүчү окуя болду: жүрөктүн тубаса эктопиясы (туура эмес өнүүгүүсү) менен ымыркай төрөлдү.

 

 

Жаңы төрөлгөн ымыркайдан дарыгерлер жүрөк эктопиясын табышты, башкача айтканда анын жүрөгү денесинин сыртында, көкүрөгүнүн үстүндө жайгашкан. Бул тууралуу The Guardian жазып чыкты.

Ымыркай ден соолугу начар төрөлөөрү башында эле белгилүү болгон. Аман-эсен төрөлөөрүнө 10% гана мүмкүндүгү бар экенин дарыгерлер энеге эскертишкен. Ошондой эле дарыгерлер баладан баш тартууну, аборт кылууну да талап кылышкан, бирок эне макулдугун берген эмес.

Ымыркай аман калды, элүүдөн ашык дарыгерлер анын өмүрү менен алп урушуп, жаңы көкүрөк клеткасын түзүшту. Эми жүрөк өз ордуна келди.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.