Чылым чеккенди таштаганга жаңы ыкма табылды

Окумуштуулар British Journal of Pharmacology журналына кыймыл аракет менен чылым чегүүнү каалоонун ортосундагы байланыш тууралуу жарыялашты.

 

 

Окумуштуулардын айтымында кыймыл-аракет көп жасаган адамдар чылым чегүүнү таштагандан кийинки аны каалоо азабын оңой жеңишет. Экперимент жүргүзүүдө спорт менен машыккандар чылымды башкаларга караганда жеңил таштаары далилденген. Мунун себеби, никотиндик ацетилхолин рецепторлору адамдын гиппокампасында жайгашат.

 

 

Чылымга көз каранды адамдын жогоруда аталган рецепторлору мокоп калгандыктан анын сезимталдуулугу төмөндөп, натыйжада адамдын организмине барып жаткан никотин аз сезилип,улам жаңы дозаны кабыл алгысы келе баштайт.

 

 

 

Спорт менен машыгып, көп кыймыл аракет жасаган адамдардын рецепторлорунун активдүүлүгү жогору деңгээлде болот, ошондуктан чылым чегүүгө көз канарды болуу синдрому жеңил өтөт. Ошондуктан чылым чеккенди таштайм дегендер спортзалдарга барып машыгуулары зарыл.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.