Чыгыш ханышалары: Ар ким билип жүрчү араб айымдарынын сулуулук сырлары

Араб өлкөлөрүндө жашаган айымдардын сулуу жүздөрүн жана денелерин көрүнбөстөн жашырып жүрүүсү тууралуу укмуштуудай  уламыштар айтылып келет. Сырдуу аялдар чачтарды алып жүрүүсүн, баркыт болгон териси жана сулуулук сырларын кылдаттык менен сактап, аларды укумдан-тукумга өткөрүп беришет.

Кантип бул жөнөкөй аялдар ушунчалык сымбаттуу көрүнүшөт? Алар кандай жашыруун сырга ээ? Жашыруун болгонуна карабастан, биз араб аялдарынын сулуулугунун бир нече рецепттерин билдик.

 

 

Чачка кам көрүү

Араб сулууларынын коюу, жаркыраган чачтарынын сыры чыныгы табигый ингредиенттерди пайдаланышында. Бул сулуулар башын жууштун алдында сөзсүз кычкыл сүт же айран менен сүйкөшөт. Кычкыл сүт азыктры чачтын түзүлүшун калыбына келтирип, жылтырак жана жылмакай кылат. Пайдаланып көргүӊүз келеби? Анда дүкөндөн сатып алган айранда пайдалуу касиеттери жок болуп калат, ага караганда үйдө жасалган айран пайдаланганыӊыз дурус болот.

Чачтын боектору

Араб аялзаттары азыркы маалдын боекторун жактыра беришпейт, чыгыштын сулуулары 100 жылдардан бери эле табигый хнаны эле баалап келишет. Бактыга жараша, лавсониянын жалбырактары (Хна даярдала турган) алар чыгыш өлкөлөрүндө көп өсөт. Эгерде сиз хнага басма (башка табигый боёк) кошсоңуз - чачтын түсү карага айланат. Андан сырткары, түссүз хнаны чачты бекемдөөчү маска катары да пайдаланууга болот.

 

 
Кара көздөр

Араб аялдары абайей - улуттук кийимин кийишет, ошондкуктан, көздөрү гана көрүнгөндүктөн алар негизги курал болуп саналат.

Атактуу чыгыш жебесин кыздар сурьма менен тартышат. Сурьма өзүнүн кооздук касиеттеринен тышкары, кашты жана кирпикти мыкты бекемдейт жана түсүн ачык кылат. Бүгүнкү күндө сурьманы көптөгөн косметикалык бренддер карандаш же табигый порошок катары да чыгарышат.

 
Каш жана кирпиктер

Чыгышта сулуулуктун эӊ жогорку деңгээли калың, дээрлик бириккен кою каштар жана чексиз узун ийилген кирпик деп эсептелет. Ошондуктан, бала кезинен баштап, бардык араб кыздары кирпиктердин жана каштардын өсүшүн стимулдаштыруу үчүн табигый осмо майын жигердүү колдонуп келишкен. Биз продуктуну өзүбүзгө бир ай сынап көрдүк колдонулгандан кийин, кирпиктер узарып, ал эми каштар калыңдай баштайт экенин байкадык.

 
Бетке кам көрүү

Чыгыш сулуулары терини тазалоо үчүн табигый тоник - кызгылт суу колдонушат. Ал мицелляр суусунун ордуна пайдаланылат. Бул болсо тынчтандыруучу касиеткее ээ болуп, теринин сезгенүүсүн жана кызаруусун басат.
Жылдын каалаган мезгилинде европалык кыздар теринин алтын түсүнө умтулуп жатышса, чыгыш сулуулары, тескерисинче, терисин агартууга аракет кылышат. Бул үчүн алар табигый агартуучу - лимон кислотасын колдонушат. Жаңы жана жаркырагыӊ келсе, анда лимондун ширеси менен бетиӊди сүрт. Чыгыш сулууларынан дагы ыкма: лимон кабыгынын жумшак жагы сонун скраб болот.

Сизге белгилүү болгодой эле, араб кыздары бет маскаларына караганда табигый масканы жакшы көрүшөт. Үйдө жасалган маскалардын эң популярдуу ингредиенти куркума. Мындай масканы жасоо оңой жана жөнөкөй: 2 аш кашык ун, бир чымчым куркума, 2 аш кашык кызгылт суу жана ошончо эле сүттү аралаштырыңыз. Пайда болгон массаны бетиңизге коюп, 20 мүнөт кармаңыз жана жылуу суу менен чайкаңыз.

 
Денеге кам көрүү

Хамамсыз чыгыш маданиятын элестетүү кыйын. Нымдуу ванналар (алар түрк ванналары) ден-соолукка пайдалуу, ошондуктан чыгыш сулуулары хамамда буу мончосу менен жыргап жашашат. Ушундан улам ашыкча кирлер денени тешикчелер аркылуу чыгып, тери жылмакай жана баркыт болуп калат. Мындан тышкары, чыгыш сулуулары ар дайым табигый скрабдарды ваннага ала барышат.

Жыпар жытту каражаттар

Таң калыштуу болушу мүмкүн: Бай араб аялдары тандалма жыпар жыттарга ээ болгон чыгыштын салттуу эфир майларынан жасалган табигый жыпар жытты жактырышат. Чыгыш сулууларынын сүйүктүү ингредиенттери - мускус, сандал, жасмин, ваниль жана роза. Бардык араб жыпар жыттары майдын негизинде спирт колдонбой жасалгандыктан жыпар жыттар көпкө чейин сакталып, жыты да бир топко чейин буркурап турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.