Чуркоо ден соолукту чыңдап, ашыкча салмактан арылтат

Чуркоо - ден соолуктун чың болушун, денедеги кандын жана заттын алмашуусун жакшыртып, оорулардын жана картаюунун алдын алуучу, ашыкча салмактан арылтуучу эң жөнөкөй ыкма болуп эсептелет. Ал эми чуркоо эрежелерин билип алуу оң натыйжа берүүсүн эсиңизге салыңыз.

Алгач чуркай турган жерди тандаӊыз. Андай жер машиналар өтпөгөн жана таза болушу шарт. Мисалы, сейил бак же стадион. 

Мүмкүн болушунча асфальттын үстүндө чуркабоого аракет кылыӊыз. Андай жерден муундарга жана омурткаларга күч келет. 

Башталышында алгач 200 метрге чуркап, анан улам 50-100 метрден кошуп туруу сунушталат.

Чуркоого эртеӊ мененки жана кечки убак ылайыктуу. Эртеӊ менен чуркоону тандагандарга таӊкы саат 6 сунушталат. Чуркоо алдында 100-150 грамм бөлмө температурасындагы суу же шире ичүү керек. Болбосо жашылча-жемиштен жеп алсаӊыз да болот. Бирок, тоюп албаӊыз. Кечки убакта чуркайм дегендер жеӊил тамактангандан 1 саат өткөн соӊ чуркай беришсе болот. Саат 8ден 10го чейинки убакыт ылайыктуу.

Чуркаардан мурда 3-5 мүнөт кыймылдап, дене-бойду бир аз жибитип алуу зарыл. Мисалы, отуруп-туруӊуз, бир орунда жайдан чуркаӊыз. Колдорду айландыра кыймылдатыӊыз, буттарды чоюӊуз. Алдыга-артка ийилиӊиз.

Чуркаганда алгач жай чуркап баштап, анан ылдамдыкты акырындап жогорулатуу кажет.

Талап боюнча чуркоо кезинде ооз менен эмес, мурун менен дем алуу керек.

Жетер жерге 50 метрдей калганда темпти жайлатуу зарыл.

Токтогондон кийин дароо отуруп калбай, жүрөктүн согушу бир калыпка түшкүчө аздан кыймылдаӊыз. Мисалы, жайдан басыӊыз, бутту-колду силкиӊиз. Эки колду өйдө көтөрүп, тереӊ дем алып, демди кайра чыгаруу менен эӊкейип колду түшүрүӊүз.

Канчалык чаӊкасаӊыз да дароо суу ичүүгө болбойт. Талап боюнча 15 мүнөттөн кийин ичилет. Тамактанууга эс алгандан соӊ 30-40 мүнөттөн кийин киришиӊиз. Бул организмге көп күч түшүүнүн алдын алат.

Эскерте кетчү нерсе: Өнөкөт оорусу барлар чуркаардан мурун врач менен кеӊешүүсү зарыл. 

Жүгүрүүнүн саламаттыкка жана өмүрдү узартууга болгон сыры эмнеде?

Дания дарыгерлеринин айтымында, жеңил кийинип жүгүрүү организмге кычкылтекти таасирлүү сиңирүүгө шарт түзөт. Кан басымы төмөндөп, жүрөктүн айлануу функциясы жакшырат. Ашыкча топтолгон майлар жоголот. Мындан тышкары жүгүрүү иммунитетти чыңдап, организмдин бардык физиологиялык функцияларына жакшы таасир берет.

Бирок, дагы бир белгилей кетчү жагдай: жеңил кийинип жүгүрүү жана башка машыгууларды жасоо белгилүү сааттарда гана организмге пайдалуу болот. Анан баардыгы адамдын организминин физиологиялык активдүүлүгүнө жараша болот. Айрыкча эң таасирлүү сааттар 10дон 12ге чейин жана 17ден 19га чейин ыңгайлуу убакыт болуп саналат. Адатта эртең менен эрте жүгүрүүнү бардыгы эле жактыра бербейт. Бул учурда адамдын организми дагы эле уйкудан тура албай ашыкча жүктөнүү жүрөк-кан жана нерв системасынын бузулуусуна жол ачат. Ал эми уктаарга 2 саат калганда жүгүрүү да туура эмес.

Жүгүрүүнүн адамдын кээ бир органдарына тийгизген таасирлери:

1. Жүгүрүү адамдын бардык организмине пайда алып келген жана эң ыңгайлуу дене-тарбия маданияты болуп эсептелет. Үзгүлтүксүз машыгуу оң жагы - кубаттуу иммунитет жана кан тамырлардын чыңдыгы.

2. Жүгүрүү жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртып, ылдамдыгын жогорулатат. Жүрөк камераларынын көлөмүн кеңейтип, кан бүркүмдөрүн күчөтөт. Жай чуркоо болсо тамырларды ички тазалыгын камсыздап, сөзсүз түрдө жүрөктүн функцияларын иштешине жол ачат.

3. Жүгүрүү муундарга жакшы таасир берип, кан басымдын бир калыпта болушун жөндөп турат. Ал эми гипотония менен ооруган адамдардын кан басымын төмөндөтөт.

4. Чуркоонун натыйжасында дем алуу жана бут булчуңдары күчтөнөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.