Чукотка жана башка түндүк элдери тазалык менен гигиенаны кантип карманышат

Дүйнө элдеринин салт-санаалары жана адаттары алардын жашаган чөлкөмүнөн жана климатынан көз каранды. Адамдар табияттын шартына көнүүгө аргасыз. Ошондуктан, бирөөлөр үчүн жапайычылык болсо, дагы бирөөлөр үчүн жашоону улантуунун бир ыкмасы. Жашоо үчүн адамдар көп нерседен баш тартышат. Мисалы, Түндүктүн элдери муз менен чыкыроон суукта жан кечишет, бирок өздөрүнүн жашоосун коопсуз жана мындай шарттарда тирүү калуу үчүн атайын ыкмаларды табышкан.

 

 

Эң маанилүү болуп гигиена саналат. Ал жакта өсүмдүк дээрлик жок, демек суу жылытуу үчүн от жагууга отун табуу да кыйынчылык туудурат. Албетте, мындай шартта суу менен жууну аларга туура келбейт. Ал үчүн алар аюбалыктын (нерпа, тюлень) майын денесине шыбап, анан отко жылынышат. Май кир менен аралашып ээрип, жөн гана кирди денеден шыпырып түшөт. Кээде алар жүнү ичине караган тон да кийип алышат. Жүн териге сүрүлүп, аны кирден тазалап чыгат.

Совет өкмөтү убагында аларга сууда жууну маданиятын да киргизип көрүшкөн. Бирок ал тескери эффект берген: көпчүлүк, өзгөчө балдар ар кандай ооруларга кабылышкан. Суу денедеги майды жууп кетип, дене ызгаар суукка туруштук бере албай калат экен. Ошонун айынан көп оорулар келип чыккан дешет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз