Чоң жамбаштуу айымдар акылдуу жана ден соолугу жакшы болот – эки континеттин окумуштуулары тастыктады!

Жамбашы чоң аялдар, анча чоң эмес жамбаштуу курдаштарына караганда, акылдуу жана ден-соолугу чың болоорун британ окумуштуулары аныкташты - дейт ABC News.

 

 

 

Оксфорд университети менен Черчилл госпиталынын окумуштуулары изилдөө өткөрүп, чоң жамбаш – чоң салмак менен сулуулук гана эмес, диабет менен жүрөк ооруларынанан дагы оолак кылаарын аныкташты. Так эле ошондой жыйынтыкка Питтсбург жана Калифорния университетинин окумуштуулары дагы келишти.

Себеби, чоң жамбаштуу аялдарда холестерин менен глюкозанын деңгээли аз болот, ал эми шекерди иштетүүчү гармондору жакшы иштейт. Чоң жамбаштуулардын тери астындагы ткандары май бөлүкчөлөрдү өзүнө сактап, жүрөктү жакшы иштешине шарт түзөт.

Эгер аялдын жамбашы чоң болсо, лептин гормону көп болот. Ал гормон салмакты жөнгө салып, ашказан жана кан тамыр ооруларынан коргойт.

Ошондой эле мындай айымдар, статистика боюнча, узак жашашат. Мындай көрсөткүчтөр, 16 миң аялды изилдөөдөн кийин алынган.

 

Бул, чоң жамбаштуу аялдардын артыкчылыктарынын бардыгы эмес! Көрсө, алар төрөгөн балдар, акылдуурак болот экен. Окумуштуулар муну, Омега-3 майларынын көптүгү менен байланыштырышат. Алар жамбашта чогулушуп, мээнин өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизет.

 

Жамбаштагы май, курсак майына караганда караганда алда канча пайдалуу. Бирок, майды жамбашка өз күчүң менен эч качан чогулта албайсың, бул генетикалык өзгөчөлүк. Ал эми жамбашты косметикалык жол менен чоңойтуу – мындай эффект бербейт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.