Чикагодо эр жүрөк туристтер үчүн жаңы аттракцион ачылды (2 видео)

Чикагодо Джон Хенкок Борбору атындагы 100 этаждык имарат бар, жогорку этаждарынын биринде өзгөчө аттаркцион жайгашкан.

Эр жүрөктөр үчүнн уникалдуу көңүл ачуучу жай 300 метр бийиктикте жайгашкан. «TILT» деп аталган аттаркцион имараттын 94-кабатында жайгашып, 8 адамды батырган айнек көрүүчү аянтты элестетет. Бокс имараттан сыртка чыгат жана төмөнгө эңкеип, шаардын үстүнөн караганга мүмкүнчүлүк берет. Бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен андан корккондор да чыгат экен. Өзүңүз көрүңүз, сиз карай алат белеңиз.

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз