Энергияңыз түгөнүп, чекке жеткениңиздин 9 көрсөткүчү

Жашоодо кээде жумуш кылганга эмес төшөктөн турганга ал жок болгон учурлар болот. Колдон эч нерсе келбей көйгөйлөр чечилбейт.

Бул абал сиздин энергияңыздын түгөнгөнүнүн белгиси.

Бүгүн биз anan.kg де эмоционалдык чарчоо абалына жеткирчү негизги 9 адатты, жана кантип алдын алса турган кеңештерди сунуштайбыз.

 

9. Өзүңүзгө көңүл бурбай калдыңыз

Эмоционалдык арыктоонун булагы жана белгиси. Өзүңүзгө кам көрбөй калганда энергияңызды жоготосуз, энергияңыз жок болсо өзүңүзгө кам көрбөй каласыз, айлампа. Өз денеңизге кам көрүү ар бир адамдын жашоосунун негизги бөлүгү.

8. Ар бир нерсени майда чүйдөсүнө чейин мыктылыка жеткиресиз

Чала жасалган нерсеге чыдамкайсыздык жашоо идеясына каршы келет. Биз адамдар идеалдуу эмеспиз, бизди курчап турган нерселер да идеалдуу болушу мүмкүн эмес. Дүйнө кандай болсо ошондой кабыл алсаңыз, энергияңызды үнөмдөйт.

7. Өзүңүзгө жашоо эрежелерин ойлоп таап алып толугу менен аткарасыз

1. Саат 6да туруу
2. Эртең мененки көнүгүү
3. Үчүнчү этаждагы Айша апага дайым жылмайып учурашуу
4. Туура тамактануу

Өзүңүздү "эч качан кылбайм..." же "күндө эртең менен..." принциптүү чектерге киргизип алып, күнөөлүү сезимине жана үзгүлтүксүз стреске өзүңүздү дуушар кыласыз. Эс алыңыз. Тизмелерди ыргытып, чечимдерди барака жазылгандын жардамы жок, жүйөлүү аң сезим менен чыгарыңыз.

6. Баары үчүн жооп беришим керек деп эсептейсиз

Бул бирөө үчүн начальник болобу, ата-энеби, күйөөңөбү жакшы көрүнгөнгө аракеттин баарын жумшоо. Коомдун ыңгайлуу жана туура мүчөсү болуу. Бул аткарылгыс тапшырмаларды аткаруу, ар дайым стрессте болуунун булагы. Артыкчылыкты туура койгонду жана "жок" деп айтканды үйрөнүү керек.

5. Тамака туура эмес мамиле кыласыз

Чектен чыгуу организм үчүн эле эмес, нерв системасы үчүн да коркунучтуу. Ашыкча жеп алуу же кечке ачка жүрүү энергиянын запасын түгөтөт, комплекс, уялып өкүнүч пайда кылат.

4. Баарына жардам бере албаганыңызга кыжалат болосуз

Баарына жардам берүү мүмкүн эмес. Өзүңүздү үзүп жардам бере берсеңиз, өзүзүздөн эч нерсе калбайт, ошондо да тойбогондор четтен чыгат. Бул дүйнө үчүн кыла турган жакшылыгыңыз – бактылуу болуу. Өзүңүздө ашып ташып жатса чоочундарга жардам берип кайрымдуулук кылса болот, бирок өзүңүзгө залалы тийбеш керек.

3. Өзүңүздү баалабайсыз

Өзүн өзү жемелөө көп энергияны талап кылат жана эч кандай жыйынтык бербейт. Башка бирөөнүн баасы керек. Эгерде чындап эле жаман болсоңуз, аны оңдогонго аракет кылыш керек. Эгерде эч нерсени өзгөртө албасаңыз анда көйгөй деп эсептебей кабыл алышыңыз керек.

2. Ар дайым асманда учуп жүрөсүз

Ой менен чындыктын дал келбеши көп күчтү алат. Энергияны чыныгы жашоодон сырткары, ойлоп тапкан жашоого да коротуш керек болот. Ошондой эле эки жашоону дал келтиргенге. Экөөнүн ортосунда компромис табуу оор.

1. Өзүңүздү эркелетпейсиз

Бактылуу жана бири бирине төп келген жашоодо жашаш үчүн кичинекей жагымдуу нерселерди кылып, өзүңүздү сүйүшүңүз керек. Ар дайым өзүңүздүн жанында өзүңүз эле болосуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.