Чай ичкенди токтотсо организмде кандай өзгөрүү болот?

Чайды күн сайын ичебиз. Ойлондуңуз беле чайдын пайдасы жана зыяны тууралуу? Азыр чай ичкенди токтотсо эмне болот жана кандай өзгөрүүлөр болоорун айтып беребиз. Пайда жана зыяны тууралуу да билип алып анан өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.

 

 

Чайды таптакыр токтотсоңуз бир нерсе жетишпегендей болуп, башыңыз ооруйт. Мындай абал 3 жумага чейин созулат. Эгер мындайды каалабасаңыз акырындык менен таштаса да болот. Мисалы бир күндө бир маал ичип.

 
Толуп кетишет же арыктайт

Көбүнчө адамдар чай менен таттуу бир нерсе жей коюшат. Ал эми чайды токтоткондон кийин бул азыктардан да арыласыз. Демек сизди арыктоо күтөт. Кээ бир адамдардын аппетитин чай бууп койот. Чайды токтотуу менен аппетит ачылып толуп кетиши ыктымал.

 

Кечинде чай ичсе түнкү уйку тынч болбой калат. Ошондуктан биринчиден кечки тамак менен кара чайды ичүүнү токтотуш керек. Уйку бат келип, түнү менен ойгонбой уктайсыз. Ошондой эле ичи каткандарга чай ичүү сунушталбайт, ал ичти огош бетер катырат.

 

Чайдын ордуна сиз суу же шире колдонсоңуз туура болот. Чай менен кошо шекер да организмге көп кирип ден соолукту начарлатат. Чайдын пайда жагы да бар баш ооруп турганда, же нерв болуп жатсаңыз чай жакшы жардам берет. Бирок канткен күндө да чайды токтотсоңуз организмде жакшы өзгөрүүлөр болот.

Facebook барагыбызга жазылыңыз