Чачыңыздын түзүлүшү, өңү, жасалгасы сиз жөнүндө эмне айта алат

Адамдын чачы магиялык күчкө ээ. Байыркы сыйкырчылар адамдын чачы аркылуу анын аурасына кирип сыйкыр иштерин жүзөгө ашырган. Мусулмандарда аялдардын чачын аял, ал эми эркектердин чачын эркек гана кыркыш керек деген катуу талап коюлган. Адамдын чачы көзгө дароо урунат, ошондуктанбы чач жасалгасы адамга 70% сулуулук берет дешет косметологдор.  Эң башкысы жакшылап байкаган кыраакы кишилерге адамдын чачы анын кулк-мүнөүн, ички сырын кабарлап турат.

Кыз-келиндер жашоосундагы кыйчалыш жагдайлардан кийин чачынын жасалгасын, түсүн да өзгөртүп салышат. Чачын өзгөртүү менен алар жаңы жашоонун барагын ачкысы келгенин билишибиз керек. Анда чач аркылуу адамдардын мүнөзүн тактап алалы.

 

Чачыңыздын түзүлүшү эмнеден кабар берет:

•  “Бейбаш” чачтар. Учтары ар тарапка чачылган, парикмахерлер жасалгалагандан кийин баштапкы калыбына бат келген чач ээси айтканынан кайтпаган өжөр адам, ал жеке позициясында кала берет.

•  Жумшак, созулган чачты тараган да оңой. Мындай чач ээсинин мүнөзү жумшак, аны менен бат эле табыша аласың.

•  Бир аз тармалданып турган чач ээлеринин маанайлары эрте жаздагы шамалдай бат-бат өзгөрүп турат.

•  Тармал козудай чачтуулар казандай кайнап турушат. Энергиялары ашып-ташкан бул адамдарга ар ким ар кандай көз карашта болот. кыскасы алар бирөөгө жакса, кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнатат.

Сиздин чач жасалгаңыз эмнеден кабар берет:

•  Чачын жайып жүргөндү каалагандар өз айтканынан кайтпаган, эркиндикти сүйгөндөр. Алар турмуштагы ар кандай эрежелерге көнүшпөйт, жүрөгү эмнени айтса ошону жасашат.

•  Сыйда артка таралып байланган чач ээси тартип, тазалык, ирээттүүлүктү жактырат. План менен жашайт, башаламандыкка чыдай албайт.

•  Кыска кыркылган чачтуулар спортту сүйүшөт. Көп олтурганды жактырышпайт, кыскасы тыпыраган тынчы жок турган адамдар.

•  Саркеч чач жасалгасын сүйүп, ар түркүн креатив прическаларды колдонгондор жаңыча ой жүгүрткөн, учур чактан өтүп келээр чак менен жашаган адамдар.

•  Жарашыктуу саркеч прическа ээси жашоосунда гармония болгонун самайт. Сулуулук, жылуулук, байлык дегенди эңсеп, бардар жашагысы келет.

Чачтын түсү:

•  Блондинкалар...  Учурда чачын саргайтып, агартып жаткандар арбын. Булар өтө сезимтал адамдар. Алар башкалар кам көрүп, акыл айтып турса деп самашат.

•  Басмырт же ачык сары чач ээлери элден өзгөчөлүнүп турганды каалашпайт, элдин көңүл бурбаганы аларга жагат. Жаңы тааныштар менен оңой белен тил табыша алышпайт. А бирок, турмушта  абдан берилген жан жолдош боло алышат.

•  Басмырт каштан түстүү чач ээлери токтоо, акыл-эстүү адамдар. Мындай адамдарга кандай гана кырдаал болбосун ишене берсең болот.

•  Оттой сары чач ээлери мисалы, атактуу түрк сериалындагы Хюррем бар эмеспи, так ошондой чачтуулар табиятынан авантюрист келишет. Ар бир күндү акыркы күн сыяктуу тойлоп жашасак дешет. Мындай адамдар менен ыңгайлуу, жагымдуу мамиледе боло аласың, алардын көпчүлүгү ак пейил болушат.

•  Кара чачтуулар табышмактуу, кумарлуу жандар. Алардын акылында эмне бар экенин аңдап билүү да кыйын. Адамды өзүнө тартып турушат.

•  Сыя, көк, сапсары, ачык кызыл түскө чачын боеп алган айымдар жашоосун да түркүн түскө боегусу келгендер. Алар өздөрүнүн көз карандысыздыгын далилдегилери келишет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.