Чачың бат эле майланышып калабы? Анын себеби булар:

Чачыңды канчалык баттан жуубагын бат эле майланышып жаман көрүнүп калып жатабы? Ар кандай майлуулуктагы чачтар болот, кээ бирлердики тескерсинче өтө кургак болсо башкалардыкы майлуу же ашыкча майлуу болот. Майланышкан чач көптөн бери жуулбагандай болуп жаман көрүнөт. Чачыңыз өтө тездик менен майланышып жатса анда себеби булар:

 

 

Туура эмес шампунь

Чачтын баттан майланышуусу шампуньда болгон кошулмалар. Шампунь алып жатканда курамында эмнелер бар окуп коюңуз. Сөзсүз салицил кислотасы жана күкүрт (сера) болуусу керек. Бир шампунь эле баарын оңдоп кетпейт ошондуктан чачыңыз ыңгайлуу шампуньду тапмайын улам алмаштырып жууп туруңуз.

 

 

Бат-баттан чачты чайкоо

Чач туруктуу бир абалга келиши үчүн тезден жуубаш керек! Ооба, жуубаш керек! Биз адатта чач бир калыпта болот деп баттан жууп турабыз, бирок бул туура эмес. Себеби чачты күнүгө жууй берсе анын коргоочу кабыкчасы бузулуп чачтар майды көп бөлүп чыгара баштайт.

 

 

 
Туура эмес убакта чайкоо

Баш тери майды түнкү убакта көп бөлүп чыгарат. Ошондуктан башты күндүн биринчи бөлүгүндө жууган туура болот. Жана эки жолу жууш керек, биринчи жууганда баштагы майлар жана чаңдар кетсе экинсинде шампуньдун пайдалуу курамдары чачка сиңет.

 

 

 
Туура эмес тамактануу

Адамдын ооруп турганы анын сыртына да чыгат. Диетаны катуу кармоо же тескерисинче ашыкча тамакты көп жегенде гормоналдык бузулуу болуп чачтын ашыкча майлануусуна алып келет. Өз жеп жаткан тамагыңызга көңүл буруңуз.

Жогорудагылардын баарын аткарып анда дагы жардамы тийбей жатса анда врач-трихологго көрүнүү керек (чач боюнча адис).

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.