Чачтын түшүшүнүн сиз билбеген 7 себеби

Адам баласында күнүнө көптөгөн чач түшүп тураары белгилүү (эгер 100гө чейин болсо - норма), бирок ордуна жаңы чач чыгаарын билбейбиз. Эгер чачтын өсүшү акырындап, түшүүсү көбөйгөнүн байкасак, бул таз боло баштагандан белги берет. Ошондуктан, муну байкасаңыз, себебин издеп, тез арада чара көрүп башташ керек

 

 

Чачтын түшүүсүн текшерүүчү жөнөкөй тест

Сиздин чач жайында экенин текшерүү үчүн атайын тесттен өтүңүз. Ал үчүн түшкөн чачыңызды кылдат караңыз. Эгер түбүндө боз мүшөкчө болбосо, анда кооптонбой эле койсо болот. Эгер мүшөкчө болсо, анда мындай тажрыйба жасап көрүңүз: чачты 3 күн жуубай, анан бир ууч кармап тартып көрүңүз. Эгер колдо бештен ашык чач калса, анда себебин издеңиз.

Чачтын түшүү себеби ар кандай болот. Негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1. Иммунитеттин төмөндүгү

Аялдардын чачынын түшүшү иммунитетке байланыштуу, көбүнчө бул, сиздин организм алсыз болгондо, же катуу иштеп, вирус менен алышып жатканда болот. Көпчүлүк аялдар, чачтын түшүшү төрөттөн кийин же эмчек эмизген убакта башталганын белгилешет. Ошондой эле жөнөкөй суук тийүүдөн дагы чач түшөт. Бул көбүнчө эркектерге таандык.

2. Организмде темирдин жетишсиздиги

Темирдин жетишсиздиги, аялдарда айыз маалында же ар кандай диеталарды көп колдонгондон келип чыгат. Дайыма ачка жүрүүнүн жыйынтыгы – бул анемия, уйкучулук, жалпы алсыздык – бардыгы организмдеги темирдин жетишсиздигинин белгиси.

3. Ар кандай дарыларга реакция

“Бирөөнү дарылап – экинчисин талкалайбыз” деп бекер айтпаса керек. Көп дарылар баштын териси менен чачка таасирин тийгизүүчү касиеттери бар. Алардын эң күчтүүсү – химиотерапия. Бирок таасир берчү дарынын түрү бул эле эмес. Мындай жыйынтык берүүчү таблеткалар – жогору канбасымга каршы, кээ бир бойго бүтүрбөөчү дарылар, антидепрессанттар, жана кадимки эле аспирин.

4. Баш терисинин инфекциялык оорулары

Себорея жана дерматит – бул баш терисинин инфекциялык оорулары, чачтын түшүшүнүн бирден-бир себеби. Дерматиттин чыгыш себеби сырткы күчтөрдөн жана организмдин ички абалынан (мисалы аллергия) көз каранды.

5. Чачтын тамыры менен баш терисинине кандын жетишсиздиги

Дыга бир маанилүү себеби, баш кан тамырлары кан менен аз камсыз болушу. Мындай бузулуунун чыгыш себеби жалпы бир оору (жүрөк-кан тамыр, остеохондроз) же курамында кофеин көп суусундуктарды (кофе, күчтүү чай) көп ичүү. Бул суусундуктардын айынан тамырлар бат ичкерет. Ошондой эле алкоголь дагы, өзгөчө коньяк, беш терисине терс таасир тийгизет.

6. Витамин менен микроэлементтердин жетишсиздиги

Көп убакта чачтын түшүүсү микроэлементтер менен витаминдин жетишсиздигинен болот. Өзгөчө бул жаздагы авитаминоз убагында көрүнөт. Ошондой эле спирт ичимдигин көп ичүү менен тамеки чегүү, витаминдердин бир тобун “кесип” кетет.

7. Стресс

Дайым болуп турчу үйдөгү жана жумуштагы стресстен дагы чач түшөт. Көп нерв болсоң эле, биринчи белгилери көрүнөт. Чынында, стресс бир жолу болсо, анча маанилүү эмес. Бирок стресс хроникалык түрүнө өтүп кетсе, башты кан тамырлары ичкерип, кан айлануу начарлайт да чач аябай бат түшө баштайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.