Чачтын өсүшүн жогорулатуу үчүн үйдө жасалган рецепт
Чачыңыз – бул сиздин таажыңыз, аны саламат жана бекем сактоо үчүн ага кам көрүү маанилүү.
Күн сайын чачыңызга кандай кам көргөнүңүзгө карабай, сизде туруктуу көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Чачыңыздын сынышы анын андан ары өсүшүнө жол бербейт. Чачыңызды бекемдеп гана тим болбостон, анын күч-кубатын да арттырган шампунь колдонуу менен узундугун сактай аласыз.
Эмне үчүн чач өспөйт?
Чачтын бузулушу көпчүлүк адамдардын чачын өстүрө албаган себептеринин бири. Алардын чачы белгилүү бир узундукка жетип, анан үзүлө берет. Бул ашыкча ысып кетүүдөн, нымдануудан же организмге чачтардын өсүүсүнө жана саламат болуусуна зарыл болгон кээ бир азыктарды жетишсиздигинен келип чыгышы мүмкүн.
Алдын алуучу иш аракеттер
Чачыбыз саламатта өсүшү үчүн белгилүү бир азыктарга муктаж. Сиз пайдалуу азыктарды жана витаминдерди колдонушуңуз керек:
- белоктор
- витамин С
- темир
- биотин
- витамин А
- омега 3
- витамин Е
- селен
- цинк
Бул азыктардын баарын камтыган тең салмактуу тамак-аш чачтын чың өсүшүнө жардам берет. Бул азыктар менен толтурулган чач маскасын жасап, аны жумасына эки жолу колдонуу менен аларга бир аз кошумча күч бере аласыз. Бул, чачтын тез жана күчтүү болуп өсүшүнө жардам берет.
Ким банан каалайт?
Банан чачыңыздын тезирээк жана күчтүү өсүшүнө жардам бере турган супер жемиш. Бул кереметтүү мөмө чачтын өсүшү үчүн эң сонун, анткени ал цинк, калий, темир, A, B, C жана E витаминдерине бай. Ал ошондой эле кургак чачтын терисине абдан керектүү нымдуулукту кошот.
Банандарды камтыган көптөгөн чач маскаларынын рецепттери бар, бирок бул рецептте чачыңыздын өсүшүн жогорулатууга керектүү азыктардын баары камтылган. Бул рецепт үчүн керектүү ингредиенттер:
- 1 банан
- 2 жумуртка
- Кокос сүтү
- Бал
- Зайтун (оливка) майы
Бардык ингредиенттерди миксерде аралаштырыңыз, аралашманы чачыңызга сүйкөңүз жана душ шапкасын же жылуу нымдуу сүлгүнү 30 мүнөткө ороп алыңыз. 30 мүнөттөн кийин чачыңызды кадимки шампунь менен жууңуз.
Ингредиенттердин айкалышы чачыңыздын саламаттыгын тез жана оңой жакшыртат. Банан чачыңыз сынбашы үчүн керектүү витаминдер жана нымдуулук менен камсыз кылат. Жумуртка чачыңызды кератин менен камсыз кылат. Кокос сүтү чачыңызды нымдап турат. Бал жана зайтун майы чачыңызды жумшартуучу жана жылмакай берүүчү табигый кондиционерлер.
Базарда бул рецепт сыяктуу натыйжаларды бере турган көптөгөн ар түрдүү каражаттар бар, бирок алар чачыңызды керексиз химиялык заттар менен да азыктандырып салат.
Бул рецептте бардыгы табигый.