Целлюлит болбош үчүн кандайча машыгуу керек

Фитнес боюнча окутуучулар целлюлиттен сактана турган машыгуулар жөнүндө бөлүшүштү.

 

 

 

Жогорку деӊгээлде жасалган машыгуунун маал маалы менен кайталанып жасалып туруусу фитнесте жакшы жыйынтык берет. Эгерде кыска убакыттык көнүгүүлөр бат-бат кайталанып жасалса дене бат чарчап бирок кайра бат калыбына келет, ошону менен бирге эле мындай көнүгүлөр ашыкча майлуулукту жоготуп, тулку бойду жакшы түзүлүшкө алып барат.

Ошондуктан аз убакыт кете турган бирок жыйынтык көбүрөөк берүүчү күчтүү көнүгүүлөрдү маал маалы менен көп жасоо керек. Ушул ыкма силерге жакшы жыйынтык берет.

 

Тулку бой өзүӊүз каалагандай жыйынтык берүүсүн кааласаӊыз, бул көнүгүү менен бирге туура тамактанып, таттуу менен камырдан жасалган тамактарга чектөө киргизиш керек. Бул машыгуулардын комплексине организмдеги майлуу клеткаларды жоготууга жана целлюлиттин алдын алууга жогорку мааниге ээ.

 

 

Андан сырткары, фитнесте сапаттуу машыгууда, тамак ашты да бир калыпта көзөмөлдөө сөзсүз керек. Сиздин организмге булчуӊ эттери сакталып, денеге май чогултуу жоголсун десеӊиз күнүнө жок дегенде 8 стакан суу ичиш керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.