Бырыштардан кантип арылабыз? Үй шартында эң оңой, бекер жолу

Түнкү кремдерди жакшылап тандоо эң маанилүү. Себеби түнкү кремдер теринин азыктандырып жана кайра жандантат. Ошондуктан түнкү кремдин баалуулугу, сапаттуулугу өзгөчө орунда турушу кажет.

 

 

Балким сиз кымбат же орто баадагы мүмкүн эң эле арзан түнкү кремдерди колдонот чыгаарсыз. Кремдин курамында баасы тыйынга турган эле азыктар бар, мындай кремди үйдөн деле жасап алсак болот. Биз азыр сизге алтын аралыктагы кеңешти беребиз, үйдө жасалган крем сатып алган кремдерден алда канча пайдалуу экендигине ынанасыз.

 

 

Үй шартында жасалган кремдер

“Ирландык мха же ала кызыл деңиз өсүмдүгү” деп крем сыртында жазылып турат, бирок булардын териге эч кандай пайдалуулугу жок, болгон күндө да кремге кошулары күмөн

  • Биз эмнеге төлөйбүз
  • Кооз жасалганы үчүн. Крем салынган идиш канчалык кооз болсо ошончолук кымбат баалуудай сезилет.
  • Парабендер жана консерванттар. Тилекке каршы, буларсыз бир дагы косметикалык каражат жасалбайт. Бул заттар косметиканын узакка сакталышын камсыздайт.
  • Бизнес. Өндүрүүчүлөр бекер иштебейт, аларга товардын айланып, акча болуп турганы гана маанилүү.
  • Азыр ток этээр жерин айталы, жыпар жыты буруксуган, жеңил, азыктандыруучу 100% нукура кремдерди үй шартында эле жасап алабыз, арзан, ишеничтүү, эң башкысы абдан пайдалуу.
Сүт жана алоэ

Көздүн тегерегиндеги карарган тактарды кетирүү үчүн алоэден жасалган муздак крем керек. Алоэнин ширеси ачык түстөгү желени элестетип, абдан нымдаштырат. Алоэде май кабаты жок, крем териге жеңил сиңип кетет.

Аминокычкыл заты сүттө болот, ал куудурап калган калган өлүү клеткаларды тазалайт. Бул түнкү крем көздүн алдына керектелет, көздүн терисине скраб колдонулбайт, ал эми бул кремдин жардамы менен көздүн териси тазаланат.

Керектелет:

  • 2 аш кашык алоэ вера ширеси же гель
  • Олив майы — 1 аш кашык
  • Кургак сүт— 2 аш кашык

Бул кошулмалар кичинекей банка крем болот. Мындай кремди арбын кылып камдап алсаңыз деле болот. Болгону муздаткычта сактайсыз. Эсиңизде болсун бул кремдин улам жаңы жасалып турганы жакшы таасир берет.

Апельсин менен йогурт

Эгер бул крем тюбикте болсо сыртына 25+ деп жазылмак. Бул кремди жашы 30га чукулдагандар колдонсо жакшы жардам берет. Бул кремдин пайдалуулугу бырыш менен күрөшөт. Андыктан улгаюунун алгачкы белгилери пайда боло баштагандар бул кремди колдонушу зарыл.

Керектелет:

  • 1 даана апельсин кабыгы
  • куркума — 1 аш кашык.
  • Лимон шиерси— 1 чай кашык
  • Нукура йогурт — 100 г

Көңүл бургула! Лимон кычкылдыгы бул кремде болгондуктан таң атканча же узак мөөнөткө бетке калтырууга болбойт. Бул кремди 2 саатка чейин эле бетке коюңуз, эгер крем таң атканча бетте калсын десеңиз ушул эле эреже менен бирок лимон г ширесин кошпой жасаңыз. Дагы бир белгилей кетчү жагдай кремге нукура гана (дүкөндөгү эмес) йогурт керек.

Алоэ менен жумуртка

Теринин жаштыгын сактайт жана аябай нымдаштырып, азыктандырат. Бул түнкү крем гана эмес күндүзгү крем катары дагы колдонсок болот. Болгону макияждын алдында эмес, верандада эс алып олтурсаңыз бетке сүйкөнүп алыңыз, себеби бул крем ультрасыя нурлардан сактайт.

Керектелет:

 

  • 1 даана жумуртка
  • авокадо — 0,5 даана.

Авокадону паста түрүндө көбүк болуп чалынган жумурткага кошуп алабыз. Бул крем эгер тюбикте болсо сыртына SPF15 деп жазылмак.

Бал жана кокос майы

Кокос майы – универсалдуу азык. Баарына эле какос майы жага бербейт, бирок терини жумшартуу үчүн мындай азык табылбайт. Терини жумшартып, ысык чыккандан сактайт, бактерияларга каршы антиоксидант.

Керектелет:

  • таза бал— 3 аш кашык
  • кокос майы— 100 г

Аралашманы муздак жерде сакташ керек. Колдонор алдында аралаштырып, бетти укалоо ирээтинде сүртүү керек. Бул кремди шекер скрабы десе да болот. Бетти кургатпайт.

Бул кремди түнкүсүн да күндүз да колдонсо болот. Жай сиңет, натыйжасы жакшы болсун десеңиз, бетке узак убакыт калтыруу зарыл. Түнкүсүн абдан жакшы таасир берет. Аллергия кылбайт жана абдан таасирдүү. Терини жумшартып, азыктандырып, чоюлчаак жана жылмакай кылат.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.