Бычак такаса дагы жебечү Кытайдан келген 7 азык

Жыл өткөн сайын Кытайдан товарды импорттоо өсүп келатат. Биз бүгүн кытайдын эң коркунучтуу товарларын чогулттук. Кайсы азыктарга өзгөчө көңүл буруш керек!

 

 

 

1. Сарымсак

Дүйнөдөгү сарымсак рыногунун 80%ы Кытайдан чыгат. Кытайдын сарымсагы пестицид, оор металлдар жана башка ден соолукка зыяндуу заттар менен сугарылганын окумуштуулар айтып келишет. Башка өлкөлөргө жиберээрдин алдында сарымсакты хлорго чылашат. Ал көпкө сактаганга жардам берет.

2. Кара калемпир

Кара калемпир эң популярдуу татымал. Бул татымалдын баасын арзандатыш үчүн алар байкалбай калчу аралашмаларды кошуп жиберишет. Болбоду дегенде эле боёлгон крахмал менен майдаланган борду.

 
3. Иштетилген козу карындар

Туздалган жана маринаддалган козу карындын 35%ы бизге кытайдан келет. Биринчи жолу алардын зыяны тууралуу 2006-жылы сөз болду. Пекиндин тегерегинде өстүрүлгөн козу карынды тамакка колдонгон 16 адам ууланып ооруканага түшкөн. Эң башкы көйгөй болуп, Пекин жана анын тегерегиндеги райондордун абасынын абдан булганышы.

 
4. Балык (тиляпия жана треска)

Тиляпия жана треска – Кытайдан импорт болчу балыктардын эң популярдуулары. Аларды багууда өстүрүүчү гормондордун чоң дозасы менен күчтүү антибиотиктерди колдонушат. Ошондой эле, балыктардын көбү суусу катуу булганган, майда көлмөлөрдө багылышат.

 
5. Пекин капустасы

Ташыганда жакшы сакталуусу үчүн, абийирсиз фермерлер капустага формальдегид чачышат. Мындай азык менен тамактануунун аягы жаман болот: теринин дүүлүгүсү жана тамак сиңирүү менен көйгөйлөр башталат.

 
6. Жашыл буурчак

Жасалма буурчакты кытайда 2005-жылы чыгарып башташкан. Аны соядан, жашыл боёгучтан жана натрийдин метабисульфитинен (зыяндуу консервант) жасашат. Акыркысы тыюу салынган зат, себеби ал рак ооруларын чакырып жана метаболизмдин бузулушуна алып келет. Кантип текшериш керек? Мындай буурчак сууга бышканда жумшарбайт, ал эми суусу болсо жашылга боёлуп калат.

7. Күрүч

Эң көп жасалмаланган азык – бул күрүч. Ал картофелдин крахмалынан, формасы туруктуу болуш үчүн, пластик кошулуп жасалат. Мындай күрүчтүн бир порциясын жесеңиз – тамак катары целлофан пакетти жегендей эле болосуз. Андай болбосу үчүн, колдоноор алдында сапатын дайым текшериңиз. Кантип текшерүү керек экенин мурдараак сайтка чыгарганбыз.

Бул маалыматтарды сактап алып, билип жүрүңүз. Дүкөн менен базарда сатып алып жатканда сөзсүз этикеткаларын окуңуз, үйдө болсо, колдон келишинче товардын сапатын текшергенге аракет кылыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.