Хиромантия жөнүндө уксаңыз керек, бирок, бутун көрүп адамдын кандай экенин айтуу көптөгөн элдерде бар экенин билчү белеңиз? Алардын ишениминде, буттун формасы инсан менен түздөн-түз байланышта.
Anan.kg буттун 10 тибин тартуулап, алардын ээсинин мүнөзүн айтып берет.
Бул эң көп жайылган буттун тиби. Бул типтин ээлери мамилечил, коомдук жана харизмалуу. Алар, адатта, ишкердик чөйрөдө гүлдөшөт жана кайсы жерде болбосун, көңүл ордонунда болушат.
Буттун бул тиби “дыйкан буту” деген ат менен да белгилүү. Мындай буттун ээлери токтоо жана үнөмчүл келет. Алар ишенимдүү, эпчил жана өтө ырааттуу болушат.
Кимдин бутунун тиби ушундай болсо, алар көбүнчө өз ишинин энтузиасты болуу менен шыктануу сапатына ээ. Көбүнчө мындай буттар артисттерде, спортсмендерде жана новаторлордо (өз иши менен бир нерсеге жаңылык киргизген киши) болот.
Эгер бутуңуздун формасы ушундай болсо, анда сиз обочолонгонду баалаган жана сырдуу адамсыз. Ошондой эле сиз импульстуусуз жана маанайыңызды бат өзгөртүп турасыз.
Эгер чыпалагыңыз башка манжаларга жабышып, аны ажыратуу оор болсо, анда сиз өзүңүздүн үстүңүздөн ырааттуулук менен иштеген адамсыз. Өзүңүздү бейкапар сезүү максатында көптөгөн досторду айланаңызга чогултуп аласыз.
Мындай адамдыр, адатта, өзгөрүүнү жактырат. Туруктуулук – алар үчүн эмес, себеби алар көнүмүш нерселерге кызыгуусун бат жоготот. Алар тобокелдикке жакын жана өз жашоосун жандандыруу үчүн ыгы жок чектен чыгып кетмейи да бар.
Чыпалагы башка манжалардан четте болуп турса, мындай адамдар, адатта, бардык нерсени өзү каалагандай кылган өжөр адамдар. Алар стандарттан тышкары, аларды адамдар, кандай болсо ошондой кабыл алган күндө, өркүндөшөт.
Мындай буттун ээлери өз эмоцияларын тизмектеп башкара алат. Алар эмоцияны четтетүүнү талап кылган иштерде ийгилик жаратышат.
Бутунун тиби ушундай болгон адамдар, адатта, баарын пландап турат. Алар ырааттуу, тартиптүү жана бир нерсеге даяр эмес болгондо же бир нерсени көзөмөлдөй албай калганда өзүн жоготуп койгон адамдар.
Эгер экинчи манжанын башталышы башкаларга караганда ичке болсо, бул сизди чеги жок экспрессивдүү (ачыктыкты, маанилүүлүктү, айкындыкты көрсөтүүчү) адам катары көрсөтөт. Сиз жаман адам болобу, жакшы адам болобу, алардын маанилүү нерселерин көтөрүп чыгууга шыгыңыз бар. Эгер сиздин маанай жаман болуп турса, анда сизге тийбей эле койгон жакшы, бирок эгер маанайыңыз жакшы болсо – анда ал башкаларга да жугуштуу болот.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.