Буттун жыты: аны менен күрөшүүнүн ТОП-12 ыкмасы

Эгер “суу процедуралар” буттун жытынан арылта албай жатса, анда олуттуураак варианттарды кеңеш кылмакчыбыз.

 

 

 

Буттарды жуу

Буттун жагымсыз жыты – бул сенин таманыңа чогулган бактериялардын булагы. Аны менен кантип алышыш керек? Бутуңду самындап жуу. Канчалык жакшы жышысаң, сага газ атакасын жасап жаткан бактериялардан арылып жатканыңа көбүрөөк ынанасың.

Кургатуу

Нымдуулук – бактериялар өнүгүп жана көбөйүү үчүн эң мыкты чөйрө. Ошондуктан, бутуң Коко Шанелдин атырындай жыттансын десең, жуугандай кийин жакшылап кургат.

Оор артиллерия

Элдик медицина: бирдей санда уксус (концентрация - 5%) менен спиртти аралаштыр. Күндө пипетка менен бутуңдун бармагына тамызып тур. Коркпо, тери үчүн коркунучсуз. Уксус грибокту өлтүрөт, спирт бактериялардын жайылышынын алдын алат. Бул ыкма менен грибокту да дарыласа болот.

Аптека

Элдик медицинага ишенбейсиңби? Аптекага жөнө. Ал жактан сага, буттун жытынан арылтуучу кымбат мазь менен кремдерди сунуш кылышат.

 
Бут кийим

Башы ачык тапичке кий. Мында бут ысып, тердебейт. Жумушта катуу дресс-кодбу? Анда нукура материалдан жасалган бут кийим кий: булгаары же кездеме. Резина, пластик, синтетика болбойт.

Антиперспирант

Дезодоранттар жытты гана жашырат. Ал эми антиперспиранттар тер бөлүп чыгуучу бездер менен реакцияга кирип, тердин чыгышына бөгөт коёт. Кандай ойлойсуң, бутуңда канча тер бездери бар? Жообу – 250 миң (эң көп тер бездери таманда жайгашкан).

 
Порошоктор

Эгер дагы эле жыттан кантип арылышты билбей жатсаң, жок дегенде бул порошоктордун бирин бутуңа сээп ал:

- тальк - териңди кургатат;
-
сода - бактерия үчүн жагымсыз, шакардуу чөйрө түзөт;
- жүгөрү крахмалы - терди сиңирип алат.

Кедр

Дагы бир элдик медицина – кедр жыгачы. Бирок аны бутка байлап алуунун кереги жок, болгону бут кийимдин ичине бир нече күнгө салып кой. Жыйынтыгы сени таң калтырбай койбойт.

 
Байпак

Жаттын арылыш үчүн байпакты күндө алмаштыруу түшүнүктүү иш дечи. Жууганда болсо аңтарып алып жуу. Аны менен теринин өлүк калдыктарынан арыласың.

Байпактын материалына да көңүл бур. Эгер кебез же жүндө жасалган болсо жакшы, нейлон, синтетиканы унут. Акыркылары нымдуулукту ичинде сактайт. Ал болсо бактерияларга ушунчалык жагат.

Бут кийим

Күндө бут кийимге бир аз сода себелеп кой. Бирок, жаңы себелээрдин алдында, эскисин күүп сал.

Бут кийим 24 саат эс алып, кургаш керек. Андай кылбасаң – бактериялардын көбөйүшүнө чоң салымыңды кошкон болосуң. Запас бут кийимиң жокпу? Анда муну эле тепкилеп кие бер. Бирок түнкүсүн батегин чыгарып, ичине эски гезиттерден бырыштырып, тоголоктоп туруп тыгып кой.

Дагы бир вариант – бут кийим кургаткыч колдон. Ан бактерияларды эле өлтүрбөй, бут кийимиңди да узакка сактайт.

 
Агарткыч (Отбеливатель)

Дагы бир, бактериялар менен күрөөшүүнүн элдик ыкмасы – 2 аш кашык агарткычты 4 литр сууга аралаштырып, бутуңду 5-10 мүнөткө салып отур. Эгер териң кургап кетсе, балдар креми же майы менен шыбап кой.

Агарткыч менен байпактарды да жуусаң болот. Бактериялар ал жакта да көргүлүктү көрсүн. Бут кийимди дагы ушинтип тазалаганга киришсең – эң сонун. Бирок 30 мүнөттөн ашык чылаба.

Суу менен сыйкырлайбыз

Жарым чыны тузду 1 литр сууга аралаштырып, бутуңду малып кой. Бүткөндөн кийин – аарчынба, өзү кургасын. Муну сода менен да кылса болот (1 литр сууга 1 аш кашык сода) же уксус менен (1 литр сууга 100 грамм уксус).

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.