Бүлөдө эркек менен аялдын идеалдуу жаш айырмачылыгы кандай?

Сүйүүдөгү жаш айырмачылык...

Көптөгөн жылдардан бери сексологдор, психологдор жана жөнөкөй адамдар: аял менен эркектин ортосундагы эң идеалдуу жаш айырмачылыгы эмнеде, деп ой салып келишет.

 

 

Аял эркектен 10-15 жаш кичүү

Жубайлардын музыкадагы табити ар кандай болот, эркек "жаңы жылдык көгүлтүр отту" жакшы көрсө, аял  заманбап популярдуу музыканы жана велосипед тебүүнү жакшы көрөт.

Аял кыймыл-аракетти, лыжа тебүүнү жакшы көрөт, эркек боолсо экстремалдык спорттон коркот, анткени жаш өткөн сайын сөөктөр анчалык күчтүү болбой калат.

Эгерде алардын баласы болсо, 50 жашында ал 10 жаштагы баласынын артынан чуркай албайт жана баласына билим берүү убагы келгенде, атасы акчаны кайдан алуу керектигин ойлоп калат, пенсия дары-дармектен башка эч нерсеге жетпесе...

Жаш айырмачылыгы 5-7 жаш

Бардыгы түгөйлөрдүн психологиялык жана физикалык жашына жараша болот. Кээде 35 жаштагы эркек кишинин 30 жаштагы аялы өз жашынан бир топ жаш көрүнүшү мүмкүн. Эркектин организми бул куракта кескин картайышы мүмкүн: тамеки тартуу, спирт ичимдиктери, жумуштагы стресс жана генетика терс таасирин тийгизиши адаттагы көрүнүш.

Эгерде жаш айырмачылыгы 0-5 жашты түзсө

Мындай айырмачылык оптималдуу болушу мүмкүн, анткени жубайлар дээрлик бир муундан чоңоюшкан: кино менен музыкада табити окшош, алар чогуу өнүгүп, спорт менен да чогуу машыга алышат. Ден соолугу дээрлик бирдей адамдар чогуу саякаттаганга, убакытты көңүлдүү өткөргөнгө ылайыктуу. Алардын кызыгуусу окшош болгондуктан тажрыйба алмашууда жана бири-биринин кругозорун кеңейтүүдө мыкты айырмачылык.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.