Бул жигит бүйлөсү ооруп, азап чегип келген, тиш доктурга барганда, анын 232 тишин жулду!

Бүйлөнүн оорушу эң жагымсыз жана ырайымсыз оору, ал ооруганда жаның жер таппай калат, бул оорудан дээрлик бардыгы эле өтөт, бирок төмөндөгү окуя эң экстремалдуу жана эч нерсе менен салыштыргыс.

 

 

Дарыгерлер командасы бул индус жигиттин оозунан 232 тиш жулушту!

Акыркы 18 айдагы катуу оору токтобой, күндөн күнгө күчөп, бул жаш жигитти азап чектирип келген. Ал шаардан шаарга барып, ар кандай дарыгерлерге көрүнгөнү менен майнап чыккан эмес, эч кимиси туура диагноз коё алган эмес.

 

Бул, анын ата-энеси Мумбаи шаарындагы ооруканалардын бириндеги дарыгер, стоматология бөлүмүнүн башчысы, Сунанда Дхиварага көргөзгөнчө уланган. Ал, жигиттин бул оорусун “эң сейрек” кездешкен абал жана “дүйнөлүк рекорд” деп атады

“Ашикке татаал одонтома деген диагноз коюлган, анда бүйлөгө толтура тиш чыгат – бул дагы айыгып кете турган шишиктин бир түрү”, - дейт доктор Дхивара ВВСге берген . – Биз муну башында рак деп да ойлогонбуз”.

 

Дарыгерлердин айтымында, башында тиштерин жула албай кыйналышкан, ошондуктан, балка менен көзөөч колдонгонго туура келген. Бир нече тишин эптеп жулгандан кийин, калгандары акырындык менен оңой эле чыга баштаган.

 

Дарыгерлер 232 тиш санашты. Врач, мындай окуя анын практикасында кезиккенин, жана анын себеби, жогорку жаака зыян келтирген оору болгонун айтат. Ал окуяда 37 тиштен турган шишик алынып салынган.

Ашиктин абалы өзгөчө катаал болгон. Шишик ылдыйкы жаактын терең түбүндө орун алып, ичинде эки жүздөн ашык тиш болгон.

 

Азыркы тапта Ашиктин абалы жакшы жана акырындан калыбына келе баштады. Эми жигиттин болгону 28 тиши бар.

Facebook барагыбызга жазылыңыз