Бул ымыркай жарык дүйнөгө келгенде, дарыгерлер шок болушту...

Көңүл буруңуз! Макалада шок кылуучу сүрөттөр бар!

Бир нече ай мурун Индиянын Армавати шаарында 23 жашар эне баарынын эсинде калаардык кыз төрөдү. Кыздын денеси калың тери менен капталгандыктан, кабык менен капталгандай элес калтырган. Ымыркайдын салмагы болгону 1,8 кг болуп төрөлүп, сейрек кездешүүчү ихтиоз "Арлекино" тери оорусу менен жабыркаган.

 

 

Оорунун айынан теринин клеткалары нормадан 10 эсе бат өсөт. Жыйынтыгында, теринин үсүңкү катмары өлүп жетишпей, кабыкка айлана берет. Ошондуктан, ымыркай жарыкка келгенде, анын денеси "кабык" менен капталып калган. Ымыркайдын беттери жана эриндери катып калган тери менен капталып калгандыктан, ал ачык жарага окшошуп калган.

 

Адатта мындай оору бар экени кош бойлуулуктун 4 айлык мезгилинде эле билинет. Бирок, бул жаш бүлө кымбат турган медициналык кароодон өтө алган эмес.

Тилекке каршы, ымыркай төрөлгөндө эле абалы оор болгондуктан, дарыгерлердин аракетине карабай, 3 күндөн кийин чарчап калды.

 

Бул өзгөчө төрөлгөн ымыркайды "кудайдын белеги" деп аташты. Ошентсе да, ымыркайдын денесин ооруканага калтырууну туура көрүштү. Денесин изилдөөгө окумуштууларга уруксат беришти.

 

Бүгүнкү күндө белгилүүсү, ихтиоз менен жашаса болот. Бирок адамга жардам убагында көрсөтүлүп турушу керек. Ошондой эле оорулуу адам бат-баттан сууга түшүп, ашыкча терини жууп салып туруусу керек.

 

Бул оорунун алып жүрүчүсүнүн эң белгилүүсү, АКШнын жашоочусу Стефани Тернер, турмуш куруп, жана эки баласын энеси болуп, бактылуу өмүр сүрүүдө.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.