Бул япон врачы 105 жашта. Узак жашоонун ушул 5 алтын эрежесин ал өзү карманып келет!

Япониянын азаркы заманбап медицинасынын негиздөөчүсү жана Японияны көп жашагандардын өлкөсүнө айланткандардын бири Шигеаки Хинохара дайым өзүнүн сунуштарын жактап келген, деп жазат Business Insider.

Хинохара, Ыйык Луки эл аралык университетинин ардактуу төрагасы жана Ыйык Луки ооруканасынын ардактуу президенти болуп турган кезде, кантип узак жана ден соолукта жашоонун бир нече кеңешин калтырып кеткен.

 

 

Башкы кеңештеринин бири: пенсияга чыкпагыла. Чыккан күндө дагы, 65 жаштан кийин чыккыла.

Ал түшүндүргөндөй, Японияда пенсиялык курак 65 жаштан башталат, бул курак, орто жаш 68 болгон күндө дагы иштеген. Азыр японида элдер көбүрөөк жашашат (2015-жылда орточо курак 84 жашты түзгөн), ошондуктан пенсияга колдон келишинче кеч чыгышат.

Хинохара өмүрүнүн аягына чейин Токиодо пациенттерди кабыл алып, дарылап келди. Ал быйыл, 18-июлда, 105 жашында көз жумду.

Хинохаранын улантуучусу, журналист Джудит Кавагучи айтат:

“Ал, жашоодогу эң ыйык милдет – баарына салым кошуу деп айтчу. Анын, башка муктаж адамдарга жардам берүүгө кылган укмуштай аракеттери таң калтырат. Эрте туруп, күнү бою пайдалуу нерселерди кылган.

Так ушулар аны алдыга түртүп турган. Максаттары бүгүнкүгө, эртенкиге жана 5 жыл алдыга жазылган”

Алдыда, Хинохаранын башка кеңештери:

Туура тамактануу, уйку тууралуу азыраак ойлонуп, көңүл ачкыла

“Баарыбыздын эле эсибизде, бала чакта, кызык оюнга кирип кеткенде, тамакты такыр эле унутуп калчубуз. Менин оюмча, бойго жеткенде дагы ошондой мамиле кылыш керек, дайыны жок эрежелер менен денени чарчатпай”

Узак жашагың келсе, ашыкча салмактан арыл

“Эртең менен мен кофе, бир стакан сүт менен апелсин согуна бир аш кашык зайтун (оливка) майын кошуп ичем. Зайтун майы артерияларга пайдалуу жана терини таза кылат.

Түшкү тамакка – печенье менен сүт, колум бошобосо түштөнбөй деле коём. Мен жумушта эч качан ачкалыкты сезбейм, себеби, оюмдун баары жумушта.

Кечки тамакка – жашылчалар, бир аз балык жана күрүч, жумасына 2 жолу – 100 грамм майсыз эт”

Врачтын айтканын баарын эле кыла бербе

“Эгер врач анализ тапшыр же операцияга жат десе, андан сура, так ушул процедураларды өзүнүн аялына же баласына сунуштайт беле? Врач баарын эле айыктыра албайт. Анан эмнеге адамды ашыкча, операция менен кыйнаш керек?

Мен, музыка менен жаныбарлар терапевтикалык көз карашта, врачтарга караганда жакшы жардам берет деп эсептейм”.

Ооруну жеңүүгө жанталаша бербей, көңүл ач

“Оору – бул табышмак, көңүл ачуу болсо – аны унутуунун эң жакшы ыкмасы. Эгер баланын тиши ооруп жатса, аны менен оюндагыдай ойноп койсоң, оорусун унутат. Ооруканалар пациенттердин талабын канаатандырыш керек: баары эле көңүл ачкысы келет.

Бизде, Ыйык Лука ооруканасында музыкалык терапия, арт-терапия, керек болсо жаныбарлар дагы бар”.

Дайыма тепкич менен көтөрүл жана оокаттарыңды өзүң көтөрүп чык

“Мен, буттун булчуңдарын иштетиш үчүн, дайым эки тепкички бир аттайм”

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.