Бул рецепт айымдарга сөзсүз кереги тиет! Баракчаңызга сактап алыңыз

Бул рецепти эстеп калуу оңой, аны даярдоо ыкмасы андан да оңой. Сизге керектелүүчү нерселер: 1 лимондун жаңы сыгылган ширеси жана 1 аш кашык биринчи сыгылыштагы зайтун (оливка) майы.

Бул ингредиенттерди аралаштырып, даяр аралашманы таза тюбикке куюп коюңуз.

 

Бул аралашма ооруларга да, прафилактикага да жакшы таасир берет. Бирок, макалада, бул каражаттын, сиздин тырмактар менен чачыңызга тийгизген пайдасына басым жасайбыз.

Аралашманы таза кыл калем (кисточка) менен тырмактарыңызга шыбап, тырмактар аны сиңирип алганча калтырып коюңуз. Ыңгайлуу болсун десеңиз, уйку алдында шыбап, жука кебез (ХБ) мээлей кийип алып уктай берсеңиз болот.

Зайтун майы менен лимондун ширесинин аралашмасы чач үчүн да пайдалуу. Ал какачтан кутулганга жана чачтын тамырларын күчтүү кылганга жардам берет, ошондой эле чачтын учтары үчүн жеңил бальзам катары колдонсо болот. Бул жерде башкысы, майлуулук калып калбаш үчүн жакшылап чайкаш керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.