Бул польшалык кыз тирүү Барби болгусу келет, бирок көпчүлүктү кыжырлантууда - фото

25 жашар Познан шаарынын тургуну Анелла өзүн «биринчи польшалык Барби» деп санайт. Мурдуна биринчи жолу пластикалык операция жасатып, эми токтоно албай, 40 миң доллардын ашык каражатты эриндери менен көкүрөгүн чоңойтконго жумшады.

 

 

Кымча бел өзүмдүкү, - деп, архитектор болуп иштеген Анелла ишендирет.

“Бардыгы күтүүсүздөн болду, мен эч нерсе пландаган эмесмин. Ар кимдин өзгөрткүсү келген комплекстери болот. Мен мурдумду жакшырткым келген жана аны кылдым. Кийинчерээк, сулуу көкүрөк тууралуу ойлондум – эмнеге болбойт? Ошентип баары башталды”.

“Мага кызыктуу жана уникалдуу нерселер жагат, балким ошондуктан мен кызыктуу адамдырмын. Мага көрсөткөнгө жана айтканга өзгөчө бир нерсеси бар адамдар жагат. Сулуу бир нерсени жарата алган жана ички дүйнөсү да сулуу адамдар”.

Ошентсе да көптөгөн Интернет колдонуучулар Анеллага терс комментарийлерди жазып, аны монстр атап жатышат. Негизинен көпчүлүкө анын эриндери жакпай, аша чапкандык деп аташууда.

Бул кыз канчалык арык жана анын кээ бир сүрөттөрү коркуткан анорексичка эле эмес, накта сандырак көрүнөт

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.