Бул өзгөчө бакта данектүү жемиштин 40 түрү өсөт! Таң калыштуу!

Америкалык профессор Сэм Ван Акен "Кырк жемиштүү бактын" жаратуучусу болуп саналат: ал кыйыштыруу ыкмасы менен бир эле бактан бакча жараткан.

 

 

 

Сэм Ван Акен (Sam Van Aken) - Нью-Йорктун Сиракуз Искуссиво Университетинин мугалими, сүрөтчү жана селекционер.

Бир жолу алдына жөнөкөй бакты жакшыртуу максатын коюп эрте жазда бакка ар кандай жемиштүү бактардын бутактарын кыйыштырган. Биринчи эле эксперимент ишке ашты: бүчүрлөр байыр алып, жакшы өсүп баштады. Жыл өткөн сайын кыйыштырылган бутактардын санын көбөйткөн, эми бул өзгөчө бакта кыркка жакын данектүү жемиштер өсөт.

 

Негизинен анда абрикостун, шабдаалынын, бадамдын, алчанын, гиластын, алма жана алмуруттун бир нече түрү өсөт. Ар бир түрдүн түшүм берүү мезгили ар башка болгондуктан, бул мини-бакча дээрлик жылы бою гүлдөп жана мөмө берип турат. Жылдын кайсы айы болбосун, ар кандай өңдө гүлдөйт: ачык ак түстөн күңүрт кочкул-кызгылтка чейин.

 

Биринчи экспериментти Сэм 2008-жылы баштаган. ошондон бери ал 16 гибрид бактарын өстүрдү. Аларды Нью-Йорктун ар кайсы парктарынан, музейлеринен жана чоң соода борборлорунан көрсө болот.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.