Бул отелдеги бир түндүн баасы $15 000. Кымбат, бирок номерине кирип көрсөңүз!

2011-жылдан бери Фиджи аралында өзгөчө отель иштеп жатат. Анын өзгөчөлүгү, ал суунун астында жайгашкан. 15 метр тереңдикте жөнөкөй жана королдук номерлер бар.

 

 

Каюталар капсула түрүндө салынган. Коопсуздук жагынан караганда, отелдин ээси менен кызматкерлери коноктор үчүн коркпой эле койсо болот.

Капсула-каюталар ашыкча көздөрдөн 100% корголгон. Айнекке атайын каражат чачылгандыктан, ичинен караганда көрүнгөнү менен сырттан эч нерсе көрүнбөйт.

Номерлерде эки орундуу керебеттер, китеп текчелер, телевизор, мини-бар, джакузи бар. Жогорку ылдамдыктагы интернет дагы унутулган эмес.

Бул жерде эс алуу күнүнө 15 000 доллар турат. Бирок, чынында эле бул отель – Жердеги бейиш экен.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.