Бул нерселерди күйөөңүз үчүн жасап турсаңыз, ал сизди түбүлүккө сүйөт!

Үй-бүлөдө гармониялуу мамилени сакташ үчүн, анын үстүнөн иштеш керек. Биз, бардык ишти аял эле колуна алыш керек дегенден алыспыз, бул тизмектин көбүн эркектер да карманышы керек, болгону азыркы сөз айымдар бөлүгүнө көбүрөөк тиешелүү, башкача айтканда – бул эскертүүлөрдү кармануу менен күйөөңүз сизди түбөлүккө сүйөөрүнөн кам санабай эле койсоңуз болот.

 

 

 

1. Анын артынан сөз сүйлөбөңүз.
Эгер силердин мамиледе кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, эгер кандайдыр бир күмөн саноо же шектенүү пайда болсо, биринчи орунда аны менен талкуулаңыз. Анан, уруштар болсо аны үйдөн сыртка чыгарып кереги жок.

2. Жаныңызда болбосо да ага болушуңуз.
Эгер ал тууралуу терс сөздөрдү уксаңыз, ага болушуп, коргоңуз. Сиздин нике – сиздин чеп жана биримдик экенин көргөзүңүз.

3. Даамду тамак жасаңыз.
Керемет Өлкөдөгү Алиса айткандай, май токочтон көңүл жайланат.

4. Мээсин жебеңиз.
Анын кылбай жатканына эмес, кылып жатканына көбүрөөк караңыз.

5. Ыраазычылыгыңызды билдириңиз
“Рахмат” деп көп айтыңыз, бардык кылган нерсесине, майда нерсе болсо да. Аны бааларыңызды көрсөтүңүз.

6. Аны мактаңыз.
Мактаганга дайым бир нерсе табыңыз. Бул эркекти абдан шыктандырат.

7. Анын хоббисин колдоңуз.
Футболдун же балык улоонун ышкыбозу болбосоңуз да, аны түшүнгөнгө аракет кылсаңыз, балким ал дагы сиздин чыгыш бийиңиз менен йогаңызды колдойт.

8. Ага ишенээриңизди көрсөтүңүз.
Эч ким идеалдуу эмес, баарыбыз эле ката кетиребиз. Эгер күйөөңүз – үйдө башкы багуучу болсо, анда ал чоң жоопкерчиликти сезет. Аны сүйүп жана ага ишенээриңизди көрсөтүүгө ыкма табыңыз.

9. Аны кумарлана өбүңүз.
Жумуштан үйгө келгенде, же жумушка кетип жатканда, же жөн эле көздөр чагылышып калганда – жок дегенде күнүнө бир жолу кылыңыз!

10. Ага комплимент кылыңыз
Өзгөчө, анын кайраттулугуна: ал кандай күчтүү, эр жүрөк. Аны чын дилиңизден айтканга шылтоо табыңыз: көңүл коюп жүрсөңүз, сөзсүз табасыз.

11. Үйдө жайлуулукту сактаңыз
Сиздин үй күйөөңүз үчүн жылуу, жайлуу жай болушу керек. Дайым жылмаюу менен тосуп алыңыз, силердин үйүңөр чогуу жашаган комффорттуу зонаңар болушу керек.

12. Анын үй-бүлөсүн сүйүңүз.
Сөзсүз эле алар айткандын баары менен макул боло берүү дегендик эмес. Бирок аларды сыйлашыңыз керек, өзүңүзгө маанилүү адамдарды кандай сүйсөңүз, аларды да ошондой сүйүңүз.

13. Төшөктө эксперимент кылып турунуз.
Анын сексуалдык каалоолору менен керектөөлөрүн билиңиз. Ал ала жипти аттабайт дегенге чоң салым болот.

14. Ал ооруп жатканда анын нянясы болунуз.
Эркектер күчтүү болгусу келет. Алар – үйдө негизги тапкычтар. Бирок, эгер ооруп калышса, кичинекей балага айланып калышат жана ага кам көрүүнү талап кылышат. Күйөөңүзгө, кайра супермен режимине өткөнчө, андай мүмкүнчүлүк бериңиз.

15. Анын сүйүктүү тамагын жасап бериңиз.
Суранганга чейин күтпөнүз. Өз каалооңуз менен эркелетип туруңуз.

16. Аны менен башкалардын алдында талашып-тартышпаңыз, өзгөчө балдарыңыздын алдында.
Ал үчүн бул сыйлабагандык, кемсинтүү. Эч качан балдарды экөөңөрдүн биринин таламын талашканга мажбурлабаңыз. Силердин көйгөй – бул силердин гана көйгөй.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.