Бул эркектерге такыр ишенбегиле! Эркектер кыздарды кантип кайырмакка илишет?

Баарына белгилүү болгондой кыздар кулактары менен сүйүшөт эмеспи. Кыздарды бал тилге салып алдап бир түнгө колдонуп, максатына жеткенден кийин башкасына кете берген эркектердин бир тобу болот. Албетте баары андай эмес. Кыздардын мындай алсыз жерин жакшы билип алып алар түрлүү ыкмаларды колдонушат. Мындай эркектерден оолак болуу үчүн кыздар төмөндөгү “калп фразаларды” алдын алып билсе болот.

 

 

1. Мен дайыма сени менен болом

Алар мындай калпты айткандан эч тажашпайт. Ал минтип айткыдай эмне көзү ачыкпы? Мындай эркектин максаты айымды өзүнүн ишенчине киргизүү болуп саналат. Ишенбегиле!

 

 

2. Сен менин оюмдагы адамсың

Кандайча? Бат элеби? Силердин мамилеңер башталабай жатып мындай сөздү кантип айтканга болот!? Мындай сөзгө бат эле ээрип кетпей карама-каршы суроолорду бергиле. Бири-бирибизди жакындан биле элекпиз, мен жөнүндө эч нерсе билбей туруп кантип айтасың же сага сырткы келбет болсо эле болдубу деген сыяктуу суроолордү узатып өзүн уялтсаңар болот.

 

 

3. Үйүмө кел, жөн гана кино көрөбүз

Мындай чакырык “кумарга баталы” дегендин синоними. Эгер жигитиңиз үйүнө чакырып кино көрүүнү сунуштаса анда ал жогорудагы айтылгандай алдамчы эркектердин тобуна кирет. Албетте ал сиздин сүйүктүү киноңузду таап койгон болот. Эч ким алагды кылбай турган жерде кино көрүп андан ары төшөккө түрткөнгө жакшы шарт түзүлөт.

 

 

4. Мен сени эч кимге бербейм

Оо-ооо, кандай гана романтикалуу, мындай сөздөрү далай жолу сериалдардан уккан чыгарсыз. Алар мындай сөздөрдү жолугуудан кийин кулагыңызга акырын шыбырайт. Эч эле илинбеңиз.

 

 

5. Коштошо элек жатып сагына баштадым

Бул дагы өтө популярдуу фразалар катарына кирет. Мындай сөздөрдү алар эртерээк максатына жетүү үчүн айтышат. Албетте, бул сөздөр өтө чындыкка окшошот. Текшерүү оңой. Силер жолукпай калган күндөрү да бат-бат жазып, чалып айтып турабы же жолукканда элеби? Байкаңыз.

 

 

6. Балалуу болууну каалайм

30 дан ашып калган эркекке бир аз ишенсе болот, бирок ойноп күлө элек жаш жигит чын эле балалуу болушту каалап жетет дейсизби? Бул-эртерээк төшөк маселесин баштайлы деген эле кеп.

 

 

7. Аял менен эркектин ортосундагы достукка ишенем

Мына кандай ыкма! Эркектердин 90 пайызы мындай достуктун болушу мүмкүн эмес деп эсептешет. А бирок ал сизге ишенем деп жатат. Макул, дос болуп сүйлөшүп көрүңүз убакыттын өтүшү менен ал сизге “күндөн күнгө сага болгон сезимдерим күчөп баратат” деп айтпаса мага келиңиз.

 

 

 
8. Ата-энең менен тааныштыр

Сиз чындап эле эркек секске чейин кыздын ата-энеси менен таанышкысы келет деп ойлойсузбу? Комментарийсиз.

Мына ушундай. Кыздар, эми мындай алдамчы балдар кандай фразаларды курал катары колдонушат экен баарын болбосо да эң башкыларын билип алдыңар. Жашоодо жардамы тийет деп ишенебиз. А сиз дагы башка жолдорун билесизби? Анда комментарийге жазып кетиңиз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.