Бул аял өзүнө өзү операция жасап, кесарево менен баласын төрөп, акыры чыдагыс оорудан эсин жоготту

Адамдар ар кандай кыйын кырдаалга кабылып калат, кээси андан чыгууга жол таап кетсе, кээси ага моюн сунат. Инес Рамирес биринчи жолду тандады, андай болбогондо, өзү да, баласы да, жарык дүйнө менен кош айтышмак.

 

 

Инес бүгүн 50 жашта жана Мексиканын Оахака штатында жашайт. Өзүнүн 40 жаш курагында ал 9 жолу боюна бүтүп, 7 бала төрөгөн, бирок аз жерден сегизинчисин жоготуп ала жаздаган. Боюна бүткөнүн билген Инес, эмне болсо да төрөйм деп өзүнө сөз берген.

Инес жакынкы ооруканадан 80 км алыстыкта, кичинекей кыштакта жашайт, ошондуктан төрөттө анын сүйүктүү жана камкор күйөөсү жардам берип келген.

Аялдын толгоосу келгенде, анын күйөөсү кошуна кыштакка кеткендиктен, Инеске өзү төрөгөндөн башка арга калган эмес. Толгоосу оорлогондон оорлой бергенин, бирок төрөт башталбай жатканын сезген Инес, бир нерсе туура эмес болуп жатканына көзү жеткен.  

Анда эки вариант болгон: эч нерсе кылбастан өзүн да, баласын да өлтүрүү же катаал шартка барып – өз курсагын кесип баланы алып чыгуу. Инес буга чейин кесарево менен жакындан тааныш болгон эмес, бирок анда башка арга жок калган.

 

3 стакан ликер ичип алып, 15 смлик ашкана бычагын алып курсагын тигинен тилип баштаган. Аракети үчүнчү жолкуда ишке ашып, 17 смлик тилик кылган.

Бул процедурадан кийин Инес баланы чыгарып, киндигин кескенден кийин, катуу оору менен көп кан жоготуудан эсин жоготуп жатып калган.

 

Эсине келгенден кийин 6 жашар баласын жардамга киши чакырганы жиберген. Бир аз убактан кийин мал доктур келип, курсагын жөнөкөй жип менен тигип, тез арада медициналык жардам алышын сунуштаган.

16 сааттан кийин ал баласы менен ооруканага жеткирилген. Оорукананын кызматкерлери таң калышкан, анкени алардын тирүү калышына мүмкүндүк жок болчу дешет.

 

Эң кызыгы, Инес курсагын кесүүгө туура жерин тандаган жана өзүнүн ички маанилүү органдары менен балага доо кетирип алган эмес. Ошентсе да, хирургдар, ичегисин тилип алганын байкашкан, бирок 10 күндүк дарылануудан кийин эне-бала үйүнө кайтышкан.

“Мен ооруга чыдай албай калдым. Эгер бала өлсө, анда мени менен кошо өлсүн деп чечтим. Эгер тирүү калышы чекесине жазылган болсо, анда мен анын чоңойгонун көрүп жанында болгум келди. Кудай экөөбүздүн тең өмүрүбүздү сактап калды деп ойлойм”,

– дейт Инес Cosmopolitanга берген маегинде.

 

Инес жана анын баласы менен болгон окуя медицинада уникалдуу, себеби, буга чейин эч бир аял өзүнө өзү мындай операция жасаган эмес, жана мүмкүн эмес деп келген. Инес тууралуу “International Journal of Gynecology & Obstetrics” эл аралык журналы да жазган.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.