Бул 9 белги сиздин организмде белоктун жетишсиздигинен кабар берет

Белок, белок, белок. Баарына керек белок. Күнүнө, курамында жетишерлик сандагы белок бар тамак-аш менен азыктаныш керек экенин баарыбыз билебиз.

Бирок, эгер бүгүн аны менен канча тамактанганыңызды айта албасаңыз, эмне кылыш керек? Анда, төмөнкү симптомдор менен таанышып алышыңыз. Алардын пайда болушу сиздин муздаткычты этке толтурууга түрткү болот.

 

1. Шишиктер пайда болот

Белоктун концентрациясы канда канчалык аз болсо, суу-туз балансы ошончолук бат өзгөрөт, жыйынтыгында шишиктер пайда болот. Согончоктун тегерегинде, кызыл ашыкта, бетте, алакандын жана курсактын айланасында.

2. Энтигүү пайда болот

Жетишерлик санда белокту кабыл албасаңыз, кан аздык (анемия) гана пайда болбостон, дайым чарчоо, энтигүү, баштын айлануусу, энергиянын жетишсиздиги келип чыгат.

3. Курсак тойбойт

Байкасаңыз керек, шам-шум этип (жашылча-жемиш, печенье) алган күндө деле, өзүңүздү ачка сезгениңизди. Чынында, көбүнчө адамдар үчүн снэк – бул белокко эмес, жөнөкөй углеводго бай азыктар болот. Диетологдор дагы курамында белок бар азыктан баш тартпоону сунушташат.

4. Таттууга жакындык

Жөн эле каалоо эмес, азыр (тагыраагы, мисалы 15:00 менен 16:00дүн ортосунда) бир таттуу жебесеңиз, күндүн калган бөлүгүн бактысыз өткөрчүдөй болосуз. Туура тамактануу боюнча адис Ребека Гаан айткандай, мындай каалоо, организм таттуунун жардамы менен кандагы канттын санын турукташтырганга аракет кылганы менен түшүндүрөт. Андан кутулуу үчүн, ар бир тамактанууда, курамында белок көп азык менен тамактануу керек.

5. Тамактангандан кийинки жүүнү боштук

Себебин билесизби? Туура, белоктун жетишсиздиги. Балким сиздин тамакта жетишерлик май менен углевод болгон, ал эми протеин жөнүндө такыр унуткансыз. Ал аз келгенсип, мындай тамак организмге оордук кылат.

6. Жаралар көптө айыгат

Белок булчуң ткандарын калыбына келтирээри баарына белгилүү, аны чоңойтконго да жардам берет. Эгер сиздин рациондо протеин аз болсо, жаранын айыгуу процесси жай жүрөт.

7. Чачтар түшөт

Ар бир чач жууган сайын, же таранган сайын чачтарыңыз түшүп жатабы? Ал эле эмес, чачтар табигый жалтыроосун жоготуп, бозоруп калдыбы? Көрсө биздин чачтардын өсүшүнө жана кубаттуу болушуна белок керектелет экен. Ал жетишсиз болсо чачтар ичкерип жана морт болуп кетет.

8. Алсыз иммунитет

Сиздин организмде белоктун дефицити байкалса, бат-баттан оорушуңуз турган иш. Аны текшериш үчүн, курамында протеин көп азыктарды тамак жасаганда көбүрөөк колдонуп көрүңүз. Сасык тумоо эмне экенин унута баштадыңызбы? Демек, сиздин иммунитет болгону белокко муктаж болуп жаткан.

9. Кургак жана түлөгөн тери

Эч кандай майлачу жана нымдачу каражаттар, пилинг жана скрабдар, идеалдуу теринин эсси болууга жардам бербей жатабы? Көбүнчө күнү бою суунун жетишерлик ичилбеши (суу терини нымдоочу мыкты каражат) жана кабыл алынган белоктун жетишсиздиги себеп болот.
 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.