Бул 8 белгинин бири бар адамды жашооңо киргизбе

Адам өзүнүн тегерегин өзү тандайт. Эң маанилүүсү, алардын арасында сенин жашооңду буза турган адам болбош керек.

Мындай, «ууландыруучу» белгилери бар адамдардан алыс болууну сунуштайбыз.

 

1. Алар өтө өзүмчүл болушат, сенин жаныңда өзүнүн максатына жеткенге чейин гана болот.

2. Сенин менен болгон мамиледе, ал көп сурайт жана көп алат, бирок эч нерсе бербейт.

3. Бардык талаш тартыштарда, керек болсо майда-баратында дагы жеңип чыгып, өзүнүкүн далилдегенге аракет кылат.

4. Алардын эл алдында өзүн алып журүүсү, жеке сени менен жүргөндөн айырмаланат.

5. Алар өздөрүн эч качан күнөөлү сезбейт, тескерисинче, дайым жапа чеккендин позициясын тандайт.

6. Аларга гана ишенүүгө сени көндүргөнгө аракет кылат. Досторуңду сага касташтырып коюшу мүмкүн.

7. Өзүнүн алып жүрүүсүн бат-бат алмаштырат: бир убакта боорукер болсо, бат эле – каардуу болуп калат.

8. Дайым алдайт жана эч качан мойнуна албайт, ошондой эле өзүнүн кемчиликтерин жашырып, адаштырып турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.