Бул 8 адатты токтот – сенин жашооң 100% ийгиликке келет

Көпчүлүк, жаңы адаттар менен билим чогултуп, жетишкендиктерге жетебиз деп ойлонушат деп жазат Lifehack. Бул туура, бирок, кээде кээ бир ашыкча нерселерден арылып, фокусту негизги нерсеге буруш керек.

Чын эле ийгиликке жеткиң келсе, бул 8 нерсе сенин жашооңдо болбош керек.

 

1. Өзүңдү актаганды токтот

Ийгиликтүү адамдар үй-бүлөөсүн, жетекчилигин, чогуу иштешкендерин өзү жетпеген ийгилиги үчүн күнөөлөбөйт. Алар өзүнүн жашоосуна өзү жоопкерчиликте экенин  сезишет. Муну туура деп табышат – ошондо гана бир нерсе өзгөртүп же оңдош колунан келээрин билишет.

Эгер актанып баштасың – сен өзүңдү алдап, алдыга жылганга тоскоол болуп жатасың.

2. Перфекционизмди токтот

Кемтиксиздикке жетиш мүмкүн эмес, аны кубалоо – убакытты текке кетирүү. Катачылык менен физикалык жетишсиздиктерге кайгырып ойлонгуча, мейкиндикке түз карап кийинки кадамды жаса. Кичинекей болсо дагы, сени үчүн пайдалуу болот.

Эч ким кемтиксиз эмес, бирок ар ким өзүң өркүндөтүүгө жол ача алат.

 
3. Коркууну токтот

Көпчүлүк дайыны жок эле өз мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгара берет. Талкуу убагында, айта турган сөзү бар болсо дагы үн катпай отурат. Алар тобокелдикке баргандан качышат. Дайым жаман сценарийди күтүшөт.

Мындай жол адамдын потенциалын ачканга тоскоолдук кылат, ошондуктан аны таштап, эр жүрөк бол. Айт, өз оюңду корго жана максатка активдүү кадам ташта.

 
4. Баарын көзөмөлдөөнү токтот

Баарын көзөмөлдөп туруу мүмкүн эмес, жана ага аракет кылуунун кажети да жок. Сен антип ийгиликке жетишпей эле, стресске, көңул калууга жана кайгырууга кабыласың

Сага баш ийбөөчү нерселерге көңүл бурба, эмне колуңан келсе, ошого көбүрөөк көңүл кой.

 
5. Чектөөнү токтот

Көп адамда реалдуулукту кабыл алуу калыптанып жана чектелип калган, ал, андан бир нерсе үйрөнгөнгө жана ийкемдүү болууга жолтоо болот. Бул ага ийгиликтүү болгонго жол бербейт, себеби ал өткөн чакта камалап калган.

Билимди барктагыла, чектебегиле: акылдуу болуш эч качан кеч эмес, билимдин чеги жок.

 
6. Баарын бир убакта күткөндү токтот

Адамдар жол болуучулукка байланышкан, дароо келчү ийгиликке ишенишет. Кээде андай ийгилик болот, бирок жол болуучулукка ишенген туура эмес.

Чынында, ийгилик үчүн убакыт жана аракет керек, ошондуктан болочокту, эртеңки күндү пландагандай эле акылдуулук менен пландагыла.

7. “Ууландырган” адамдар менен мамилени токтот

Эгер тегерегиңде эч нерсеге ишенбеген пессимсттер болсо, сен да ошондой болуп каласың. Мындай “ууландырчу” адамдарды жашооңдо колуңан келишинче азайт, алардын ордун сени жана сенин максаттарыңды колдогон оптимисттер менен алмаштыр.

Көрөсүң: жашоодо канааттануу менен мотивация көбөйөт, ал эми стресстин саны азаят.

8. Баарына макул болууну токтот

Кээ бир адамдар “жок” деп айткандан коркот. Бул аларды өзү каалабаган, бирөөнүн ишин кылганга мажбур кылат. Эгер каалабасаң, эр жүрөктүк кылып, макул болбо.

Сен өзүң гана керектүү максатты тандай аласың. Ага жетиш кыйын – эгер убактыңды башка бирөөнүн көйгөйүн чечүүгө коротсоң.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.