Бул 7 ооруну бассейн айыктырат

Сууда сүзүү – ар кайсы ооруларда адамдын денесине күч келтирүүчү эң жакшы ыкма. Сууда сүзгөндө дененин чоюлгандары жайылат жана организмге ашыкча оорчулук кылбайт. Ошондуктан, бассейн, адамдардын физикалык абалын чыңдап жана аны туруктуу кармагандын эң туура жолу.

 

 

1. НЕВРОЗДОР

Сууда сүзгөндө, суу дененин нерв түйүлдүктөрүнө таасир берип, бошоңдотуп жана эс алдырат. Суунун температурасы дүүлүгүү процесстерине таасир берип, чарчаганды жазып, мээнин кан айлануусун жакшыртуу менен эс тутумду жана көңул бурууну жакшыртат. Сууда сүзгөндөн кийин адам оңой жана жакшы уктайт.

2. МУУН ООРУЛАРЫ (ОСТЕОХОНДРОЗ, АРТРИТ, АРТРОЗ)

Көпчүлүк убакта сууда сүзүү – муун ооруларында сунушталчу жападан жалгыз спорт түрү болуп саналат. Анткени, сууда адам өз денесинин оордугун көп сезбейт. Суу ичиндеги аз кыймыл муун ткандарына массаж кылып, лимфанын жүгүрүшүн жакшыртып, муундун шишигин азайтат, кемирчек ткандары калыптанат жана ооруган булчуңдар жайылат.

 
3. ОМУРТКА ЧУРКУСУ (ГРЫЖА)

Статистика боюнча, бүгүнкү күндө ар бир 100 миң адамдын 100үндө омуртка чуркусу кездешет. Көпчүлүк убакта бассейн, хирургиялык жолсуз, бул ооруну айыктырганга жардам берет. Сууда сүзүү бел булчуңдарын күчтүү кылып, дене салмагынын бир бөлүгүн өзүнө алуу менен омуртка дискине болгон оорчулукту азайтат.

 
4. ПАРАЛИЧ ЖАНА КЫЙМЫЛДЫН ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЖОГОЛУШУ

Параличтин башкы көрсөткүчү болуп кыймылдын жоктугунун же жарым-жартылай жоктугунун айынан адамдын активдүү кыймыл аракет кыла албай калган абалы эсептелет. Ошондуктан, сууда сүзүү, денеге күч келтирүүнүн жападан жалгыз варианты болуп саналат.

Ошондой эле – параличке алып келген инсультту айыктыруунун эффективдүү жолу да сууда сүзүү. Сууда сүзүү кан тамыр тонусун жана кан басымын нормалдаштырып, ошондой эле артерия гипертензиясынын (инсульттун себеби) себеби болгон семирүү менен активдүү күрөшөт.

 
5. ТРАВМАДАН КИЙИНКИ КАЛЫПТАНУУ

Статистика боюнча, планетанын ар бир сегизинчи жашоочусу, өмүрүндө бир жолу бир жери сынып, белин оорутуп, тизесинен жана башка жерлеринен катуу травма алат. Көбүнчө, сынык хирургиялык жолтоого алып келет. Андан кийин адамдын организми калыптанууну талап кылат.

Сууда сүзүү арканын жана белдин булчуңдарын бат калыпка келтирип, оору синдромдорун азайтуу менен кыймылдоону жеңилдетет.

 
6. СЕМИРҮҮ, АШЫКЧА САЛМАК

Семирүүдө сууда сүзүү дененин бардык булчуңдарын иштетет, ошону менен бирге эле, белге жана буттун муундарына болгон оорчулукту азайтат. Жерде басып жүргөнгө караганда, сууда адам салмаксыздык абалында болот.

Ошондой эле, сууда сүзүү, аквааэробика, же жөн эле сууга түшүү жүрөк-кан тамыр системасы үчүн абдан пайдалуу (толук адамдар үчүн чоң көйгөй): кан айлануу жакшырат, кандын бардык органдарга баруусу көбөйөт жана кандын кайра артка баруусу жеңилдеп, кан басым нормалдашат.

7. ЖҮРӨК ООРУЛАРЫ

Сууда сүзүү гипертония, стенокардия, кан тамыр дистониясы сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн эң жакшы каражат.

Сууда сүзүүнү жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо жана алдын алууда колдонгонда, организмди химиялык каражаттардан алган оорчулуктан азайтат, кээде алардан баш тартканга да мүмкүнчүлүк берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.