Бул 6 өлкөдө окугандыгың үчүн акча төлөп берет

Көптөгөн өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген студенттерге окуусун эле эмес, учуп баруусун, жатаканасын төлөп берип, анан дагы ай сайын стипендия төлөп берген программалар бар.

 

 

1. Улуу Британия

Дүйнө жүзү боюнча эң мыкты жана кымбат билим алуу боюнча Улуу Британия алдыңкы орундарда турат. Бирок башка өлкөдөн келген таланттуу студенттерге окуганын гана төлөп бербестен, жашаганга дагы ири суммада акча берет.

Чет өлкөлүктөргө Оксфорд жана Лондондогу искусство мектебин кошкондо 40ка жакын белгилүү университет стипендия сунуштайт.

Мисалы, Оксфорддо экономика боюнча магистрдык программанын стипендиясы жылына 20 миң фунт стерлингти түзөт.

Дагы Улуу Британиянын өкмөтүнүн Chevening аттуу белгилүү программасы, ай сайын стипендия менен билим алууну гана төлөп бербестен, учууга жана визага болгон чыгымдарды өзүнө алат.

Программанын жаман жагы, окууну бүткөндөн кийин 2 жылдан кийин өлкөдөн кетүү керек.

2. Германия

Германия кээ бир тармактагы адистерди өзүнө тартканга кызыкдар.

Мисалы, мамлекеттик академикалык алмашуу боюнча DAAD аттуу программасында архитектура, дизайн жана экономиканы окугандар үчүн атайын багыттары бар.

Көп учурда мындай билим алуулар бекер же өтө кымбат эмес болот.

Программанын эн жакшы жагы, окууну бүткөн соң Германияда жумушка орношууга болот.

3. АКШ

Орусияда жана башка өлкөлөрдө Фулбрайт аттуу америкалык программа бар. Ал 30 жашка чейинки, жогорку окуу жайын бүткөн же акыркы курстарда окуган жаш адистерге стипендия берет. Кыргызстандыктарга программа АКШда 2 жылча жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок сөзсүз түрдө кайра кайтып келүү керек.

4. Франция

Көптөгөн өлкөлөрдө франциялык өкмөтүнүн, чет элдик студенттерге магистрдик окуусун Франциянын университетинде улантууга жардам берген стипендиялык программасы бар. Жогорку окуу жайды бүткөн же магистратуранын 2-курсунда окуган, 35 жаштан ашпагандар арыз жазып тапшыра алышат. Илимий техникалык же инженердик диплому бар адистердин тапшырууга мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк.

5. Швеция

Швецияда Visby аттуу стипендиялык программасы бар, алар өлкөдөгү мыкты окуу жайда билим алууну төлөшөт жана ай сайын жакшы стипендия беришет. Грант 1 жылга берилет, эгер студент жакшы окуса аны жылдырууга болот. Андан сыртары, программа боюнча дагы 5 ай акча алып турууга болот, эгер «жолуң болсо» төлөбөй турган стажировкага орношсоң дагы болот.

6. Нидерланды

Жүздөгөн чет өлкөлүк студенттер голландиялык мамлекеттик «Orange Tulip Scholarship» («Кызыл-сары жоогазындын стипендиясы») стипендиясын алышат. 2016/17 окуу жылында өлкөнүн 18 жогорку окуу жайы катышат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.