Бул 6 белгини көңүл кош калтырбаңыз! Кантип ийгилик сиздин эшикти каккылайт

Ооба, ага мүмкүнчүлүк берүүгө убакыт келди, айрыкча, ийгилик бар экендигин гана билдирбестен, сиздин эшигиңизди кагууга даяр 6 далилденген белги бар!

 

 

 

1. Жарганаттар

Биз ошолордон баштайлы... Тилекке каршы, кандайдыр бир сиз бакпаган тирүү жандык дубалдарга жайгашып калганда бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Негизгиси, чычкандар же курт-кумурскалар болбосо болду. Эгер кемирүүчүлөр болсо, анда албетте жарганаттар болгону жакшы!

Сиз ишенбейсиз, бирок дал ушул жаныбар үйдүн таза, жакшы жана позитивдүү энергияга толуп жатканын сезип, чердактагы бир жерге жабышууга шашат. Андыктан андан эртерээк кутулганга аракет жасабаңыз – жарганаттар ийгилик алып келет, алар сизди эчак эле тандап алышкан!

2. Сол кулактын кычышуусу

Эгерде кулагыңыз кычышып жатса, бул жөн жерден эмес экенин далилдеген миң бир далилдери бар – жок дегенде сиз жөнүндө ушак тароодо! Эгер жаандуу дүйшөмбүдө же ай толгон бейшембиде кулагыңыз кычышса - уруш, жада калса мушташып кетүүнү күтүңүз.

Бирок, сөз ийгиликтин сигналдары тууралу болуп атпайбы. Демек, эгер колуңуз сол кулагыңызды тырмоого сунулса, сиз бактылуусуз – сиз жөнүндө чындап эле жакшы нерселерди гана ушакташып жатышат. Бонус катары - жашоонун романтикалык мезгили же күчтүү достуктун башталышы жакындап калды.

 
3. Тааныбаган жаныбар сизден качпаса

Эң мыкты практик психологдор да эч качан адамдын мүнөзүн жаныбарлардай так жана кылдат сезишпейт дегенге макулсузбу? Жана алар эч качан жаңылышпайт. Ошон үчүн, эгер бейтааныш төрт буттуу сизди "өзүнүкүндөй" кабыл алса, бул ийгилик сиз тарапта экендигинин чоң белгиси.

Көчөдөн ээрчип келген жолбун мышыкка же итке кандайдыр бир даамдуу тамак берип, жакшы мамиле кылыңыз, бирок аны кууп жибербеңиз, анткени аны менен кошо ийгиликти да кууйсуз!

4. Канаттуулардын "белгилери"

Көчөдө чымчыктын “белгилери” жагымдуу эмес дегенге кошулабыз. Андан да жаманы, кийим-кечени чачты тазалоо процесси да. Бирок бул ыңгайсыздыктын баасы жогору турат - канаттуулардын белгилери сизеги ийгиликти көрсөтүп турат. Андан ары улантуу сиздин колуңузда... Баса, "белгиленген" унаа, велосипед жана башка нерселериңиз да эсепке кирет!

5. Ичи сыртка же тетири кийилген кийимдер

Дароо эскертип коелу, атайылап эмес, кокустан ушундай кийинип кеткен учурлар тууралуу айтып жатабыз. Эми мындай болуп калса, шашып атып тескери кийилген свитер же аңтарып кийилген юбканы кырсык катары кабылдабаңыз - ушундай жол менен Аалам бетиңизге, бардыгын аткарууга убакыт келди деген белгини жөнөтөт. Тетири кийилген кийим - ийгилик жем!

6. Сыйкырдуу 8 саны

Жети эң бактылуу сан деген мифти таңуулоого эч ким аракет кылбасын, жок, жок, жана дагы жок - дүйнөнүн көптөгөн маданияттарында бакыт жана ийгилик 8 саны менен байланышкан! Нумерологдор жана эзотериктер бул санда чексиздиктин символун көрүшөт, ал эми кытайларда атүгүл “байлык” иероглифи да айтылышында бул фигура менен шайкеш келет.

Ошондуктан, эгер сизде сүйүктүү саныңыз жок болсо, анда 8 санын күнүнө канча жолу көрүп жатканыңызга көңүл буруңуз. Адаттагыдан көп болсо, ийгилик босогодо! Тык тык…