Бул 5 прибор өчүп турса дагы электроэнергия жеп турат!

Муну биле жүрүш керек! Өчүргөн кнопканы бассаң дагы иштегенин токтотпой, энергияны жей берген «куу» жабдыктар бар.

Алдыда, 5 көп кездечүүчү электр жабдыктары. Алардын айынан биз биз электр кубаты үчүн акыны, колдонбой эле төлөйбүз. Себеби, бул жабдыктар өчүрүлгөн күндө дагы энергияны корото берет.

 

✔ Телефондун «зарядкасы» — күнүнө 1.2W

Зарядка розеткада сайылган бойдон калса, ага телефон кошулбаган күндө дагы иштегенин токтотпойт. Бирок анын кубаттуулугу аз, ошондуктан чөнтөккө анча көп деле оордук келтирбейт.

✔ Сан-арип ТВ-тюнер — күнүнө 22W

ТВ тюнерлер өчүрүлгөн күндө да иштегенин токтотпойт. Ал эмес, көбүбүз, тюнерди күтүү режимине которбостон, телефизорду өчүрүп коюш жетиштүү деп жаңылыш ойлонобуз. Эгер мындай калтырсак, токту 5 эсе көп коротот.

✔ Телевизор — күнүнө 24W

Сиз билесизби, телефизорду өчүргөн кнопканы басканда, ал өчпөстөн, күтүү режимине өтөт. Күтүү режиминде бардык приборлор энергия коротоору маалым.

✔ Компьютер жана ноутбук – күнүнө 96W

Компьютер менен ноутбуктар өчүп турса дагы энергия колонуусун токтотпойт. Аны розеткадан сууруп коюу менен сиз жылына 2-3 миң сомго чейин үнөмдөйсүз.

 
✔ Таймери бар жабдыктар — күнүнө 108W

Байкалбаган деталь, таймер, иштеп турса, демек ал жабдык өчкөн жок. Таймер электр мештеринде, микротолкундуу мештерде, мультиваркада көбүнчө колдонулат.

Эми буларды колдонуп бүткөндөн кийин розеткадан сууруш керекпи? Менимче, ооба! Негизи эле бардык приборду сууруп койгон туура. Эгер электр тогунда мүчүлүштүк болсо, чыңалуу жогорулап кетсе, же ток чоңоюп кетсе, жабдыкка залалын тийгизет.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.