Бул 5 нерсени жашыруун сакта

Учурда социалдык тармактар жашообуздун бир бөлүгү болуп калды. Биз дос, тууган керек болсо чала тааныш же таптакыр эле бейтааныштар үчүн ачылган китептей эле болуп калдык. Күнүмдүк болгон жашообуздагы бардык нерсени бөлүшүп, сүрөттөрүнө чейин вотсапка жана башка соцтармактарга илип коебуз. Канткен менен жашообуздун дагы жабык жактары болушу керек го. Айрым нерселер жашыруун болууга тийиш.

 

 

Биринчиден, келечекке койгон олуттуу  пландарыбыз, аны ишке ашырып жыйынтыгы билингиче жашыруун сакталса жакшы. Идеяны уурдап ала турган ичине кара таруу айланбаган ичи тарлар да жок эмес. Сиздин айткан идеяңызды сизден эрте ишке ашырып жиберүүлөрү толук ыктымал.

Ал эми илимий изилдөөлөргө таянсак, убагынан эрте айтылган план көбүнчө ишке ашпай калат, себеби, сиздин аң-сезимиңиз бул ишти ишке ашырган сыяктанып калат да аны ишке ашыруу начарлайт.

Экинчиден, жакшы иштериңизди жарыя кыла бербеңиз. Өзгөчө кайрымдуулук иштери көмүскөдө сиздин көңүлүңүздө сакталышы керек. Аны айта берүү мактаныч катары саналып, кадыр-баркы кетип калат. Андыктан берген адам да, алган адам да унчукпай, жакшы иш Кудайга гана маалым болуп калганы дурус.

Үчүнчүдөн, сиздин жашоо образыңыз да жарыя болбошу керек. Арак ичүү, көңүл ачуу, сүйүү мунун баары жашыруун болушу шарт. Күнүгө 8-9 саат уктайсызбы же 5 саат уктап, эртең менен кечинде спорт менен машыгасызбы мунун баары Сизге гана керек, бул сиздин жеке тандооңуз, башкаларга анын тиешеси жок.

 

Төртүнчүдөн, үй бүлөлүк көйгөйлөр дагы жашыруун кала бергени жакшы. Ар бир үй бүлөдө көйгөй бар. Канчалык көп үй бүлөңүз тууралуу бирөөлөргө наалып айта берсеңиз, проблеманы оңунан чечүү ошончолук кыйындайт. Эгер кырдаал кыйындаса жакын досуңузга же психологко кайрылсаңыз болот.

 

Бешинчиден, башка адамдын сизге айткан жашыруун сырын ичке бекем сактаңыз. Анын жеке сырын жарыялоо менен сиз анын ишеничинен кетип, достугуңузга  чекит коюлат. Анан калса жеке аброюңузга да доо кетет, сиз ушакчы адамдын деңгээлине түшөсүз. Ушак-айың айтуу, башкаларды жамандоо сөзсүз түрдө аң-сезимиңизди жабыркатат да бул терс энергия эң биринчиден башкага эмес өзүңүзгө зыян алып келет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.