Бул 5 нерсени эркектерден талап кылбагыла!

Эркек менен аялдын ортосундагы мамилеге аярлап мамиле жасап күн сайын эки тарап тең аракет кылып турбаса анын аягы бат эле келип калат.

Өзгөчө аялдар эркектен көп нерсени талап кылып жиберип аягы эркек көтөрө албай кетиши мүмкүн.

Ошондуктан аялдар төмөнкү нерселерди билип алышканы туура болот.

 

Сиздин каалооңуз менен ал өзгөрбөйт

Аялдар бардык эркекти өзү каалагандай кылып өзгөртүп алабыз деп ар кандай аракеттерди көрө башташат. Аягында 99% ийгиликсиз болот. Сиз бардык нерсеге өз ой-пикири, көз карашы бар жетилген адамды жолуктурдуңуз. Анан эле аны сиз каалагандай кылып өзгөртүш кыйын болот, жана ал нерсе эркектерге жакпайт. Эгер ал сизди чын жүрөктөн сүйсө сизге карап, сиздин жактырган ишиңизге, жашоо образыңызга карап өзү эле өзгөргөнгө аракет кылат. Көпчүлүк адамдар өзгөрбөйт, ошондуктан убакыт, нервиңизди коротпой эле коюңуз.

Ал сизди гана ойлобошу керек

Түгөйүңүз албетте сизге көбүрөөк көңүл бурушу керек, бирок анын сизден башка да кам көрө турган адамдары көп. Сиз сыяктуу эле анын дагы ата-энеси, туугандары бар. Аны жакындары менен сүйлөйштүрбөй койом деп такыр ойлобоңуз.

Ал башка балдары менен катташат

Эгер сиз тандаган, же тандай турган адамыңыз мурда үйлөнүп башка аялдан балдары бар болсо анда бир аз татаалыраак болот. Албетте балдар анын чоң байлыгы, алар жөнүндө дайыма ойлонот жана барып турат. Сиз аларды катыштырбай койом деп аракет кылбаңыз. Ал балдарына кандай жакшы кам көрсө сиздердин келечекте боло турган балдарыңызга да жакшы ата болот.

Анын хоббисине тыюу салбаңыз

Жактырган адамыңыз сиз үчүн баарын таштап чуркап кетпейт. Анын да кызыккан иштери, хоббилери бар. Сиз жактырган нерселер менен аныкы карама-каршы болуп калышы мүмкүн. Достору менен футбол көрөбү, балык улоого кетеби каршы чыкпаңыз. Аны бошо күндөрү үйдө кармап эмне кыласыз? Уруштан башка эч нерсе чыкпайт. Сиз өз хоббиңиз менен алек болуңуз.

“Мени багышың керек” деп эскертүү

Ооба эркек аялын, үй-бүлөсүн багууга милдеттүү. Бирок ал тууралуу дайыма эскертип айта бергениңиз эч бир эркекке жакпайт. Турмушка чыккандан кийин кайра кичинекей кызга айланып “мени бак” деп жатып алуу туура эмес. Өзүңүз да иштеп, жашоону оңдоого аракет кылыңыз. Анан дагы үйдө жата берген сизге деле жакпаса керек.

Мына ушундай, аял менен эркектин ортосундагы мамиледе кылдаттык менен кыла турган нерселер бар. Аларды билип алган эч кимге ашыкча болбойт. Сиз жогорудагы ойлорго кошуласызбы же башка ойлоруңуз барбы? Анда биз менен бөлүшүңүз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.