Бул 4 Зодиак жылдызынын астында эң олуттуу эркектер төрөлөт

Кээ бир Зодиак жылдыздары табиятынан ушунчалык сүйкүмдүү болгондуктан, айымдар алардын моюнуна “кенедей” асылышат дешет!

Бул бактылуулар кимдер?

Эң сүйкүмдүү эркектер негизинен ушул төрт жылдыз астында төрөлүшөт деп жазат NewsTrend.

Эгиздер

Эгиздер шайыр жана алдын ала айткыстар, флиртти жакшы көрүшөт жана кам көрүүдө өтө табышкер болушат. Бул белгинин өкүлү менен чыныда эле зерикпейсиңер. Эгиздер сүйүктүүсүнүн алдында өз сезимдерин тамаша же шакаба аркылуу билгизишет.

Бирок, кубулма Эгиздер аялды идеялдаштырганга жакын болот: бат эле аялдан көңүлү калып, андан да мыктысын издеп жөнөшү мүмкүн. Кыскача айтсак, эгер эгиздер сизди чындап сүйүп калса, анда ал сизге айкөлдүк жана камкор менен мамиле кылат.

Арстан

Арстандар өзүнө ишенген жана дымактуу болушат, ошондуктан кыйыр уккандан көрө түз сүйлөшкөндү жактырышат. Бул белгинин өкүлдөрү сүйгөнүнө күттүрбөй сезимдерин билгизет.

Аялга кам көрүүдө кинодогудай, кымбат ресторандарга алып барат жана жакшы жоруктарды чыныгы арстандай көрсөтөт. Бирок, эгер Арстан сизди чындап сүйүп калса, өзү тууралуу монологун токтотуп, сизди укканга аракет кылып баштайт. Чыныгы тандоосуна чындап кызыгуу – өзүмчүл Арстандын сезимдеринин эң жакшы мүнөздөмөсү.

Тараза

Таразалар шашпаган, маанайы бат алмашкан, уруш-талашты жактырбаган адамдар. Алардын жашоого болгон оптимисттик көз карашы өздөрүнө эле жардам бербейт: сүйгөн кызынын өз баалоосун кандай болсо да көтөрмөлөп турганга аракет кылат.

Тараза-эркек кам көрүү процессинин өзүн жакшы көрөт жана мамиледеги кийинки тепкичке өткөнгө ашыкпайт. Ошондой эле алардын, жоопкерчиликтен коркоору белгилүү. Бирок, эгер Тараза сүйүп калса, токтоосуз чечкиндүү аракеттерди кылып баштайт: ата-энеңиз менен таанышат, сизди өз досторуна тааныштырат ж.б.

Текечер

Текечерлер өздөрүнүн ишенбестиги жана бардык нерсени текшерип туруусу менен белгилүү. Бул белгинин өкүлдөрү оңой менен ашык болбойт. Башында алар өз сезимдери менен алп урушушат, ал эми көзүнө илинип калган объектке муздак мамиле көрсөткөндөй кылат.

Бирок, эгер Текечер, сизге ишенсе болот экенин түшүнсө – анда ал түбөлүктүү сиздики! Ишеним ал үчүн эң маанилүү нерсе, ал эми сыйлык катары сиз, эч качан солго аттабаган, солго карап да койбогон, чыныгы ышкыбоз жана берилген жигиттин сүйүктүүсү болосуз.

Сиз үчүн кайсы белги эркектин идеалы көрүнөт?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.